«Салттуу музыканы жайылтууда «Устат-шакирттин» орду чоң»

Соц.тармактарда бөлүшүү

Мырзали Жороев, Баткен облусундагы «Устат-шакирт» салттык музыкалык
борборунун түштүк региону боюнча координатору:
«Салттуу музыканы жайылтууда
«Устат-шакирттин» орду чоң»


Баткен облусунда «Устат-шакирт» салттык музыкалык борбору орто мектептер
менен 10 жылдан бери Баткен облусунда өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.
Үч багытта иш алып барган бул долбоор мектеп окуучулар арасында салттуу
музыкаларды жайылтуу, мектептерде театр ийримдери аркылуу салттуу өнөрдү
өркүндөтүү жана автордук салттуу музыка сабактарын орто мектептерде окутуу
боюнча иш алып барат. Облус боюнча 7 мектепте ишке ашырылып жаткан бул
демилгени жетектеген борбордун директору Илгиз Жунусовго коомчулук тарабынан
жагымдуу пикирлер айтылып жатат. Биз, бул багытта Баткен облусундагы «Устат-
шакирт» салттык музыкалык борборунун түштүк региону боюнча координатору
Мырзали Жороев менен маектештик.
– Мырзали мырза, акыркы он жылдагы жетишкен ийгиликтериңиздер жөнүндө кеп
баштасаңыз…
– Жакшы болот. Адегенде биринчи эле ар бир райондогу билим берүү бөлүмүнүн
башчылары менен жолугушуп, салттуу музыканы мектеп окуучуларынын арасында
окутуунун мааниси, натыйжасы, келечеги жөнүндө сүйлөштүк. Алар дароо эле биздин
сунушубузду колдошту. Себеби, балдарга салттуу музыканы, театрды үйрөтүү, алардын
жан дүйнөсүн жашынан ойготуу, бул чын эле өтө маанилүү маселе болчу.
Алгач, биз Лейлектен 25, Баткенден 42 музыка мугалимдерин бир жума окутуп, элдик
аспаптарды окуучуларга үйрөтүүнүн усулдарын үйрөттүк. Эң ириде унутулуп бара жаткан
элдик аспаптар: чопо чоор, темир ооз комуз, комузду үйрөтүү менен ар бирине аталган
элдик аспаптарды белекке берип, окугандыгы үчүн сертификаттарды тапшырдык.
Ушундай кадамдан кийин ишибиз жандуу жүрүп кетти.
Көрсө, «Устат-шакирт» салттуу музыкасын үйрөтүү долбоору улутубуз үчүн улуттук
маданиятыбыз үчүн элибиз үчүн өтө керектигин турмуш айгинеледи.
– Абдан жакшы экен. Сиздер театр өнөрүнө дагы тарбиялайт турбайсыздарбы?
– Албетте. Театр өнөрү боюнча биздин директорубуз театр режиссңру болгондуктан бул
багытта чоң ийгиликтер жаралды. Баткен, Лейлек, Таласта балдардын Эл аралык театр
фестивалы өттү. Таластагы Капар Медетбеков атындагы театрда Ч.Айтматовдун 90
жылдыгына арналган фестивалда Лейлек районундагы В.И.Ленин атындагы орто
мектебинин окуучулары «Саманчылынын жолу» спектаклин өтө жогорку деңгээлде коюп,
баалуу сыйлыкка ээ болушту. Ошондой эле Эл аралык балдардын театр фестивалы 2018-
жылы Лейлек районунун Кулунду айылында да өтүп, облустун ар бир районундагы
мектептерден Кадамжай районундагы О.Абдрахманов, Баткен шаарынан В.И.Ленин
атындагы, Лейлек районунан Максат, Т.Жолдошев, Ленин орто мектептеринен окуучулар
катышып, Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим”, «Ак кеме”, “Кызыл жоолук
жалжалым”, “Найман эне”, «Саманчынын жолу”, “Бетме-бет” чыгармаларын
сахналаштырып жогорку деңгээлде аткарып беришти.
Мындан сырткары, 2023-жылы Аксаткын жана Мырзауул спектакли окуучулар жана
студенттер тарабынан республиканын бардык облустук театрларында коюлду.
– Сиздердин долбооруңуздардын келечеги кандай. Мындан ары дагы улантылабы?
– «Устат-шакирт» долбоору Кыргызстанда 2002-жылдан башталган болсо, азыр дагы 3
жылга узарды. Ал эми Баткен облусуна келгенине он жыл болсо дагы үч жыл кошулду.
Директорубуз Илгиз Усеновичтин демилгеси менен «Умтул» театр багытында бараандуу

иштер аткарылууда. Баткен облусу боюнча жети орто, бир искусство мектеби менен
иштешип, ондогон спектаклдерде мектеп окуучулары ролдорду аткарып театр өнөрүнө
тартылып жатышат.
Азырынча орто мектептерде 1-2-класстарга Билим берүү Академиясы менен биргеликте
бир сааттык салттуу музыка сабагы киргизилди. Окуучулар буга кошумча ийримдерге,
музыкалык мектептерге барып, биздин кошумча сабактарыбыз менен салттуу музыканы
үйрөнүп жатышат. Алдыда дагы 1-7-класска чейин мектеп окуучуларына музыкалык саат
киргизүү максаттарыбыз бар.
«Устат-шакирттин» таасирленген окуучулардан Москвада, театралдык окуу жай
ГИТИСтен окуп жаткандары да бар.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *