Балдар “окуган адам эмес, акчасы бар адам ийгиликке жетет” деген ишенимден алыс болуш керек…

Соц.тармактарда бөлүшүү

Эркинай Казыева, БатМУнун педагогика жана коммуникациялар колледжинин мугалими

“Бүгүнкү билим – эртеңки мамлекет:  жоопкерчилик кимде?”

 

Балдар “окуган  адам эмес, акчасы бар адам ийгиликке жетет” деген ишенимден алыс болуш керек…

Бүгүн билим берүү – мамлекеттин да, элдин да негизги көйгөйүнө айланды. Биз жаш муунга билим берип жатабызбы же жөн гана формалдуу диплом таратып жатабызбы? Бул суроого чынчыл жооп берүү учур талабы.
Кыргызстанда билим берүү тармагы көп реформаларды башынан өткөрдү. Бирок реформалардын натыйжасы турмушта байкалып жатабы? Мектептердеги билим сапаты, мугалимдердин кадыр-баркы, жаштардын билимге болгон кызыгуусу жылдан жылга төмөндөп бара жаткандай. Эмне себептен?
Биринчи кезекте – коом билимге болгон ишенимин жоготуп баратат. Билимдүүдөн эмес, байдан  үлгү  алган учурлар  көбөйдү. Балдар “окуган  адам эмес, акчасы бар адам ийгиликке жетет” деп ишенип калышты. Бул – эң коркунучтуу  түшүнүк. Себеби  бул  коомду ой  жүгүртүү  эмес, оңой  жолду тандаган  адамдарга  толтурат.
Экинчи көйгөй – мугалимдин  статусу. Бир  кезде  мугалим  эң  сыйлуу кесиптердин  бири  болгон. Азырчы? Ага  күчү жетпеген,  айласы  кеткен, айлыгы  аз иш  деп  карагандар да көп. Бирок  дал ушул  мугалимдин  колунда мамлекеттин  келечеги  турганын  унутпашыбыз  керек.
Үчүнчүдөн – билимдин мазмуну. Азыркы мектеп программалары окуучунун кызыгуусун ойготуп, чыгармачылыкка үндөп жатабы? Же болбосо жаттап алып, тест тапшырууга багытталганбы? Бизге бүгүн сынчыл ойлонгон, коомдук көйгөйлөргө кайдыгер эмес, адептүү жана жоопкерчиликтүү муун керек. Мындай муунду даярдоо үчүн эң биринчи кезекте сапаттуу билим, андан соң тарбия жана колдоо зарыл.
Коом катары биз кайсы кадамдарды жасашыбыз керек?
– Мугалимге болгон мамилени өзгөртүү. Кадыр-баркын көтөрүү – билимдин сапатын көтөрүү деген сөз.
– Окуу жайларга заманбап жабдуу, актуалдуу программалар, чыгармачылык аянтчалар керек.
– Жаштарга билим алуу кызыктуу болсун! Алар окутууну жаза эмес, мүмкүнчүлүк катары кабыл алышы керек.

– Ата-эне, мугалим жана коом бир багытта иштешкенде гана жыйынтык болот.
Биз бүгүн аракет кылбасак – эртең кеч болуп калат. Билим – бул болочок. Билимге салым кошкон адам – келечекке көпүрө салган адам. Андыктан, ар бир жарандын милдети – билим берүү системасын оңдоого үн кошуу, аракет кылуу, кайдыгер болбоо.
Билимсиз эл – багынат. Билимдүү эл – багыт берет.
Балдарыбыздын келечегин камсыз кылгыбыз келсе – бүгүн билим берүүгө салым кошолу!


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *