Чечме булагын биргеликте пайдалануу маселеси – сүйлөшүү жолу менен чечилди

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозаров Чечме (Кыргызстан) жана Чашма (Өзбекстан) айылдарынын тургундары менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Чечме булагын биргеликте пайдалануу боюнча жергиликтүү деңгээлдеги маселелерди талкуулап, элдин катышуусунда бир катар чечимдерге келишти.

Аймак аксакалдары сүйлөшүүлөр аркылуу маселелерди тынчтык жолу менен жөнгө салуу демилгесин колдоп, эки элге ынтымак жана достук каалашып, бата беришти.

Эскерте кетсек, буга чейин, 2024-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Айдаркен шаарында эл менен жолугушууда Чечме булагынын делимитациялоо процессинин жыйынтыгында толугу менен Кыргызстандын аймагында калганын билдирген. Ошол эле учурда, булагынын суусун мурдагыдай эле эки мамлекеттин эли биргеликте пайдалануу боюнча макулдашуу жетишилгенин да баса белгилеген.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *