«Айыл өкмөттөрдүн баарын дотациядан чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар»

Соц.тармактарда бөлүшүү

Болоткан Баяке уулу, Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими:

«Айыл өкмөттөрдүн баарын дотациядан чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар»

Болоткан Баяке уулу Кадамжай районуна жаңыдан аким болуп келгенде айрымдар жаш экен, чоң районду кантип жетектээр экен деп, сыртынан тон бычып жибергенге чейин жетишкен болчу. Мезгил көрсөткөндөй билимдүү, жаш болсо да Кадамжай районуна баш болгон Болоткан Баяке уулу чу деген жерден эле катаал сыноолорду баштан кечирди. 2024-жылдагы Кадамжайды капыстан каптаган селде күнүтүнү бел чечпей иштеп, эл менен чогуу болду. Ыкчам чечимдерди кабыл алып, жабыр тарткан элдин көйгөйлөрүн чечти. Ошого удаа эле, аймак менен таанышып, эл менен жолугушуп, райондун экономикасын кантип көтөрсө болот, кандай мүмкүнчүлүктөрү бар деген суроолорго жооп издеп, аларды чечүүнүн жолдорун аныктады.

Натыйжада, эки жыл аралыгында, Болоткан Баяке уулунун туура жетекчилиги жана багыты менен Кадамжай районундагы 8 айыл өкмөтүнүн бешөөсү дотациядан чыкты. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Кадамжай мыкты район аталды.

Биздин көчмө редакциябыз аталган райондо болуп, аймактагы башкаларга үлгү болоорлук жакшы саамалыктар менен таанышып кайтты.

-Болоткан мырза кыска аралыкта беш айыл өкмөт дотациядан чыкты дедиңиз. Кепти ушундан баштайлы.

-Туура, районубуздагы 8 айыл өкмөтүнүн бешөөсү дотациядан чыкты. Буюрса, калган үчөөсүн да дотациядан чыгарабыз. Ал үчүн бизде толук мүмкүнчүлүгүбүз бар. Сиздин сурооңузга кененирээк токтолсом, мындай. Негизинен, өлкөдө жүргүзүлгөн аймактык административдик реформанын туура жүргүзүүнүн натыйжасында 412 кызматкердин 237син кыскарттык. Натыйжада 84 млн. сом үнөмдөлдү. Айыл өкмөттөрү ирилештирилгенден кийин, Чаувайды Үч-Коргон айыл өкмөтүнө, Майдан айыл өкмөтүнө Айрыбазды коштук. Жыйынтыгында экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жакшы эмес аймактар Үч-Коргон, Майдан сыяктуу ички мүмкүнчүлүктөрү кубаттуу айыл өкмөттөрүнүн эсебинен дотациядан чыгышты. Исхак Полоткан айыл өкмөтү дагы дотациядан чыкты. Мындан сырткары, Молдо Нияз айыл өкмөтүн дотациядан чыгаралы деп турабыз. Бул аймакта жаңы көмүр кени ачылды. Буга кошумча алтын кени иштетилсе, аталган айыл өкмөтү да өзүн-өзү каржылоого өтөт.

– Айыл чарба багытында кандай жылыштар болуп жатат?

– Бизде 40800 гектар кунарсыз жерибиз бар. Былтыр 600 гектарын кыскарттык. Жерди иштетем деген азаматтар ошол кунарсыз аймактарга жасалма көлмөлөрдү куруп башташты. Бул багытта ишибиз ойлогондон да жакшы жүрүүдө. Быйыл да 500 гектарды өздөштүрөлү деген планыбыз бар. Ишке ашыралы деген ири долбоорлорубуз бар. Майдан айыл өкмөтүндөгү Нургазиев каналын кошумча 6-7 кубга чейин кеңейтели деп турабыз. Исхак Полотхан, Тамаша, Кара-Дөбөгө суу сактагычтарды куруп жатабыз. Эл дагы ар тараптуу колдоп, ашар жолу менен колдон келген жардамдарын көрсөтүшүүдө. Дагы бир чоң долбоорубуз Бирлик айыл өкмөтүнө тоонун боору аркылуу суу жеткирүүнү пландоодобуз. Бул дагы ири долбоорлордун катарына кирет.

– Кадамжайга жаз эрте келет эмеспи. Жазгы талаа жумуштары башталгандыр?

– Кадамжайда февраль айынын экинчи жарымынан баштап эле дыйкандар айыл чарба жумуштарын башташат. Башынан эле айтып кетейин көп улуттуу элибиз эмгекчилдиги менен да таанымал. Мындай дегеним жаз башталгандан тарта, кеч күзгө чейин тыным албай эмгектенген элибиз эрте жаздан баштап эле картошкаларын, мөмө жемиштерин Ош, Бишкектен тарта, ал жагы Казакстан, Орусияга чейин сата башташат. Бир жылда эки түшүм алган кадамжайлыктар багбанчылыкты да жакшы өздөштүрүшкөн. Билесиздер да Үч-Коргон аймагы кезегинде мөмө жемиштин көчөттөрүнүн түрлөрүн өстүрүү менен Борбордук Азияга белгилүү болуп келген. Ата салтын улаган кийинки муундар да азырга чейин көчөт өстүрүүдөн да ойдогудай киреше табышат. Мыкты багбандар бир миллиондон да ашык көчөт сатышат.

Эң башкысы мындай эмгекчил, дыйкан, багбандарга керектүү шарт түзүп, суу, жер семирткичтер, сапаттуу үрөндөр менен камсыздоо жагын үзгүлтүккө учуратпоо керек. Азыр жаз башталып, айыл чарба департаменти эл менен тыгыш иш алып барышууда. Быйылкы аба ырайы дыйкандар үчүн ыңгайлуу болуп турат. Буюрса, ойдогудай мол түшүм алабыз деген үмүттө турабыз.

– Курулуштар жөнүндө айтсаңыз?

– Быйыл өнөр жай багытында бир катар ишканаларды ачалы деп турабыз. Алардын бири Майдан айыл өкмөтүндөгү нефт чыгаруучу ишкана болсо, экинчиси буга чейин Бүргөндү өрөөнүндө иштеп турган 232 нефти соргучтардын 50 сүн ишке киргизүү. Бул долбоор жалпы сметасы 78 млн. долларды түзөт же күнүнө 150 миң тоннага чейин нефти өндүрүлөт.

“Халмион ПРОМ” ишке берилсе, жалпы 300 киши жумуш менен камсыз болот. Майданда, Кожо-Кайырда кичи ГЭСтерди да буюрса пайдаланууга беребиз. Мындан сырткары Үч-Коргон аймагында бут кийим тигүүчү цех ачтык. Арзан, өтө сапаттуу жасалып жаткан бул кийимдер Дул-Дул деген ат менен бренд болуп калат. Өтө сапаттуу жасалып жаткан бул кийимдердин кардарларын да таап койдук. Жыйынтыктап айтканда, Кадамжай районунун экономикасы өнүгүүгө карай багыт алды. Экономикалык көрсөткүчтөрдү өстүрүү максатында алдыда дагы жакшы максаттарыбыз бар. Натыйжасы көрсөткөндөй былтыркы жылга караганда салыкты 102 миллионго көп жыйнадык.

Адылбек  Акматов “Баткен таңы”


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *