Кадамжайда чек арага жакын аймактарда алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

Соц.тармактарда бөлүшүү

2025-жылдын 19–29-май күндөрү Кадамжай районунун Алга айылында “Үй-бүлө” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы уюштурулду. Иш-чара Кадамжай РИИБдин Исхак-Полотхан айылдык милиция бөлүмчөсү жана №2023 аскер бөлүгүнүн “Алга” чек ара заставасынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында Өзбекстан менен чектеш аймактарда жашаган тургундарга кылмыштуулуктун алдын алуу, атап айтканда, шылуундук, аткезчилик жана мал уурулук сыяктуу көрүнүштөр боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле мал-жандыктарды сактоо, коомдук тартипти бекемдөө жана жаңы кабыл алынган мыйзамдар тууралуу маалыматтар берилди.
Бул иш-чаралар чек ара аймактарында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жана укук бузуулардын алдын алууга багытталган.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *