“Биз театр дүйнөсүнө ыкчам аралашып кете алдык”

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен облусундагы Аппаз Жайнаков атындагы музакалык-драмалык театры акыркы жылдары көп ийгиликтерди жаратууда. Элеттик таланттардан  куралган эмгек жамааты өткөн жылы өлкөнүн жети дубанын кыдырып, өздөрүнүн өнөрлөрүн тартуулап келишти. Жыйынтыгы көрсөткөндөй кайсы облуска барбасын, кайсы жерде спектаклдерин көрсөтпөсүн баткендиктерге туруп кол чаап жатышты. Эмне демекчибиз браво!

-Бакытбек Суйунбекович куттуктайбыз. Театр күнүндө дагы бир спектаклдин бет ачарын өткөрдүңүздөр, ийгиликке чек болбосун.

-Рахмат, Театрыбыздын сахнасында жаңы спектакль “Маң” спектакли. Пьесанын автору Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев. Койгон режиссеру, Кыргыз эл артисти Нурлан Абдыкадыров. Султан Раевдин терең философиялык, психологиялык чыгармасын Нурлан Абдыкадыров өзгөчө көз караш, форма, мазмун менен койду. Татаал сценалар, пластика, адаттан тыш эксперименттерди камтыган бул спектакль азыркы мезгилдин, учурдун ачуу чындыгы. Баалуулуктар менен адамдык асыл түшүнүктөр кошул ташыл болуп, замандын капшабында ыймандык бечаралыктын, пенделик көр дүйнөнүн кирип келиши, массалык психозго таасир этип, жиниккен коомдун багыты кайда алып баратканы жөнүндө спектакль-фарс, спектакль-трагедия, спектакль-эскертүү, спектакль-метафора! Каяка баратабыз? “Маң” азыркы кылымдын чумасы, дүйнө ыймансыздыктын вирусу менен оорууда.

Баткен театрында мындай теманын коюлушу нонсес, бирок биздин актерлор бүткүл чыгармачыл “ширесин” чыгып ойноду. Спектакль сиз менен биз жөнүндө, биз жашаган заман жөнүндө!

-Чын эле көрүүчүлөрдүн купулуна толгондугуна күбө болдук. Азаматсыздар!Алдыда дагы ушундай кубанычтуу жаңылыктарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз?

Каракыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата “Өрттүү мезгил” аттуу жаны спектаклди коюунун алдында турабыз. Сиздер билестер да  Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин прездумунун төрагасы Абдыкадыр Орозбековду. Ал кишинин  баскан жолу, татаал тагдыры жөнүндөгү бул чыгарманы  биздин режиссер Раимкул Мураталиев тарабынан даярдалып, жакында элге чыгаралы деп турган учурубуз. Буюрса бул эмгегибиз дагы көрөрмандардын купулуна толот деген ойдомун.

Дагы бир жакшы жаңылыңылыбыз жакында Өзбек республикасынын кыргыздар жашаган  Жизах облусуна, андан ары Ташкентке, Андижан жана Кокон шаарларына гастролго чыгабыз деген ниетибиз бар.

-Театр жаш болсо дагы мындай ийгиликтерге жетүүнүн сыры менен да бөлүшүп кетсеңиз?

-Туура , биздин чыгармачыл жамаат элеттик таланттардан куралгандыгына карабастан театр дүйнөсүнө ыкчам аралашып кете алдык. Албетте башында жеңил болгон жок. Бир катар белгилүү режиссерлордон, театр ишмерлеринен сабак алдык, тажрыйба топтодук. Кантип эле биз башка теартлардан  артта калышыбыз керек деген намысыбыз ойгонуп, натыйжада жакшы ийгиликтерди жарата баштадык. Ал турсун биздин театрдын мыкты кызматкерлери  мамлекеттик сыйлыктарды алышты. Азыр дагы жамаатыбыз биримдик, чыгармачылык  менен тынымсыз изденүүнүн үстүндө. Жерибиздин алыстыгы, шартыбыздын катаалдыгын жана жамаатыбыздын жаштыгын эске алып, министрибиз Алтынбек Максутов ар тараптуу көмөк көрсөтүп, дем берип турат. Кадырлап турса кең мекен дегендей, ар тараптуу колдоолор болуп турса албетте биз дагы мындан да чымырканып  эмгектенебиз.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *