Айыл чарбасы анын ичинде өрүк бактары боюнча мыкты адис Турсунали Төлөмүшевдин маалыматына таянсак, быйыл Баткендин өрүктөрү бышпай жатып, мөмөлөрү түшүп калууда. Мындай учурда түшүмдү кантип сактап калса болот деп, коомчулукка жана адистерге кайрылган суроосуна азырынча так жооп боло элек. Ошого карабастан айрым адисттер өрүк бактарындагы илдеттерди дарылоодо жана азыктандырууда кемчиликтер болуп жатат десе, дагы башкалары кийинки жылдары кышкысын тоңдурмалап суугаруу жоголуп кетти, багбандар өрүк бышканда эле, мөмөсүн терип алып, калган учурда унутуп калып жатышат деген пикирлерин айтышууда.