Баткен облусунун түзүлгөндүгүнө 25 жыл
Биринчилер…
Баткен облусу түзүлгөндөн бери 25 жылдын аралыгында өрөөн
өзгөрдү. Кубанычтуу да, кайгылуу да окуялар менен коштолгон
бул жылдары облусту 15 жетекчи башкарды. Кандай болгон
күндө да тарых. Тарыхты эч ким эч качан бурмалаган эмес. Ар
бири өз учурунда жаш административдик аймакты өнүктүрүү
үчүн өз үлүштөрүн кошту.
Айбалаев Мамат Марипович (13.10.1999-09.11.2003-жж)

толук түзүлүп бүттү. Өзбек-тажик чек араларындагы элди түйшүккө салып келген Вуадил
сыяктуу посттор алынды. Коңшу Республиканын облустарынын жетекчилери Баткенди
өзүнчө административдик аймак катары тааныды. Маданият үйү, “Мээрим” балдардын
чыгармачылык борбору ремонттолду. Баткендин кирешелүү тармагы болгон өрүк бактары
иретке келтирилип, кышкысы сугат иштери кайрадан колго алынды. Нургазиев көчөсү
асфальтталып, Бүргөндү-Пүлгөн жолунун долбоору бүткөрүлгөн.
Шадиев Аскарбек Алимбаевич (19.11.2003-14.01.2005)

асфальттанды. Облустук телевидение ишке берилди. Шаардын чок ортосунда эстеликтер
тургузулду. Аэропорт ишке киргизилип, самолеттор кайра каттай баштады. Уюлдук
телефондор Баткен аймагына жеткирилди. Эң башкысы Сурх айылын айланып өтүүчү
Төрт-Гүл жолунун каржылоо маселеси чечилди. Жүзүм чарбачылыгы өнүктүрүлүп, вино
заводдору кайра ишке кирди.
Кошматов Бараталы Туранович (29.01.2005-11.04.2005-жж)

Саясий кырдаалга байланыштуу 3 ай губернаторлук милдетти аркалаган Бараталы
Туранович кыска аралыкта облустун айыл чарбасын анын ичинде суу чарба обьектилерин
жакшыртууга жана жаңыдан курууга үлгүрдү. Кара-Кыштак-Боз, Бүргөндү каналдарынын
курулушуна өзгөчө маани берилди. Исфара жана Исфайрам суу бөлүштүрүүчү
дарбазалары донор уюмдардын эсебинен каржыланып ремонттолду. Айыл чарбасы кайра
жанданды. Губернаторлуктан кеткенден кийин да, бул тармактарга өзгөчө көңүл буруп,
каржылоо жана долбоорлоо жактарын көз жаздымда калтырган жок.
Туранович кыска аралыкта облустун айыл чарбасын анын ичинде суу чарба обьектилерин
жакшыртууга жана жаңыдан курууга үлгүрдү. Кара-Кыштак-Боз, Бүргөндү каналдарынын
курулушуна өзгөчө маани берилди. Исфара жана Исфайрам суу бөлүштүрүүчү
дарбазалары донор уюмдардын эсебинен каржыланып ремонттолду. Айыл чарбасы кайра
жанданды. Губернаторлуктан кеткенден кийин да, бул тармактарга өзгөчө көңүл буруп,
каржылоо жана долбоорлоо жактарын көз жаздымда калтырган жок.
Айжигитов Султанбай Абдрашитович (11.04.2005-11.01.2008-жж)

тушунда жол көйгөйлөрүн чечүү иштери башталды. Марафондор өткөрүлүп, Баткен-Ак-
Турпак жолуна ашар жолу менен шагыл төшөлд\. Облус калкынын бул демилгесин
Президент да колдоп, андан ары Ак-Турпактан Кадамжайга чейин Өзбекстандын Сох
анклавын айланып өтүүчү эгемендүү жол салынды. “Теке-Секирик” долбоорун ишке
ашыруу боюнча мастер-план жазылды. Баткен шаарынын эс алуу багы иретке келтирилип,
шаар калкы таза суу менен камсыз болду.
Джумабеков Маратбек Джумабекович (11.01.2008-10.12.2009-жж)

жылдырды. Инвестициянын көлөмү өстү. Кызыл-Кыя шаарында жылына бир миллион
тоннага чейин цемент чыгаруучу завод пайдаланууга берилди. Облуста 6 суу чарба
обьекттерин куруу, мамлекеттик бюджеттин эсебинен бүткөрүү маселеси чечилди.
Малдарды асыл тукумдаштыруу, үрөнчүлүк чарбаларынын иши жөнгө салынды. Коңшу
өлкөлөрдүн Сурх, Сох анклавдарын айланып өтүүчү жолдор бүткөрүлдү. Кыска аралыкта
Согмент-Таян-Кыштут жолу курулуп, элеттиктердин Сох анклавына көз карандысыз жолу
курулду.
Тагаев Айтибай Султанович (17.12.2009-08.04.2010-жж)

Облустун башчыларынын ичинен эң кыска убакыт, так айтканда 4 ай иштеген менен ошол
аз убакытта ЖКнын депутаттарын чакырып, Баткен облусунун көйгөйлөрүн аныктап,
аларды жоюнун чараларын иштеп чыкты. “Төрт-Күл” резиденциясынын курулушунун
негизги иштерин бүткөрдү. Бирок, дагы да революция чыгып көп аткарылчу жумуштар
аягына чыкпай калды.
аз убакытта ЖКнын депутаттарын чакырып, Баткен облусунун көйгөйлөрүн аныктап,
аларды жоюнун чараларын иштеп чыкты. “Төрт-Күл” резиденциясынын курулушунун
негизги иштерин бүткөрдү. Бирок, дагы да революция чыгып көп аткарылчу жумуштар
аягына чыкпай калды.
Орозова Карамат Бабашевна (12.04.2010-13.05.2010-жж)

революциядан кийин Баткен облусунун губернаторунун милдетин аткарып турду.
Облустун тарыхында биринчи жолу аялзатынан облус жетекчиси болду. Элдин
стабилдүүлүгүн, улуттар аралык ынтымакчылыкты сактоодо жакшы иштерди аткарды.
Башка кызматка – КРнын социалдык коргоо министри болуп дайындалгандыгына
байланыштуу губернаторлукту тапшырган. Азыркы учурда КР ЖКнин депутаты.
Бурканов Арзыбек Орозматович (19.01.2011-30.01.2012-жж)

Курулуш иштери жанданган. Арка, Бүргөндү өрөөндөрүн өздөштүрүүгө олуттуу көңүл
бурган. Республикалык бюджеттин эсебинен 30 млн.сом каналдардын курулушун жана
оңдоо иштерине 321 млн. Бөжөй-Согмент-Бел жолуна 28 млн., Интернационал-Максат
жолуна 13 млн., Баткен шаарынын ички жолдоруна 98 млн.сом каражат маселесин
чечкенге жетишкен. Бүргөндүдөгү жаратылыш газы жана нефть скважиналары
Өзбекстандан Кыргыз нефть газга өткөрүлгөн.
Разаков Жеңиш Парпиевич (01.02.2012-11.07.2016-жж)

Таш-Ак-Сай-Рават, Максат-Кулунду жолдору курулду. Өнөр жай тармактары жанданып
аймактын экономикасы өстү. Салыктын көлөмү өсүп, бардык аймактарда өрүктү кайра
иштетүүчү чакан заводдор ишке киргизилди. Сох, Ворух анклавынын айланасындагы
чыр-чатактарга чекит коюлуп, чек ара, жол, сууга байланышкан маселелер чечилди.
Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгы чоң салтанат менен белгиленип, “Кол
өнөрчүлүк аркылуу – тынчтык жана стабилдүүлүккө карай” конференция өткөрүлгөн.
Халмурзаев Абиш Алыбаевич (12.07.2016-01.04.2019-ж)

каралды. Ак-Сай-Тамдык жолу курула баштады. Айыл чарба, экономиканы өнүктүрүүгө
көңүл бурулуп, Баткен өрүгү дүйнөлүк рынокко чыгуу үчүн атайывн сертификатка ээ
болду.Кыргы-орус өнүктүрүү ыфонду менен меморандумга кол коюлду. 2-дүйнөлүк
Көчмөндөр оюндарында Баткен облусу байгелүү орунду багындырды. Кадамжай сурьма
комбинатынын иши жанданып, Кытай Республикасынын тоо кен өнүктүрүү компаниясы
менен меморандумга кол коюлду. Шаарларды коопсуз шаарга айлантуу максатындагы
долбоор ишке ашырыла баштады.
Мадумаров Акрам Камбаралиевич (01.04.2019-12.02.2020-жж)

принциби менен ишти баштады. Мамлекеттик кызматкерлерди дресс-кодду сактоого
чакырды. Облус аймагындагы билим берүү тармагына көңүл бурулуп, билим сапатын эки
кадам алдыга жылдырды. Ошондой эле, Ак-Сай айыл аймагындагы жол, таза суу, мектеп
жана бала бакча көйгөйлөрүн чечүү үчүн Өкмөттөн 220 млн.сом акча каражаты бөлүндү.
Өзбекстан менен биргеликте Кадамжай районунда жибек өндүрүлө баштады. Ишкерлерге
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан насыяны түз алууга шарт түзүлүп, Баткен облусуна 350
миң доллар каралды.
Абдрахманов Алишер Орозбаевич (17.02.2020-10.2020)

Баткен облусун өнүктүрүүнүн экинчи этабын баштоого салым кошту. Өнөр-жай
тармагына көңүл буруп, жеке ишкерлерди колдоо менен өрүктү кайра иштетүүчү
ишканалар ачылды. Ири логистикалык борборлорду курууга шарт түзүп, жеке ишкерлер
тарабынан айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү мөмө-жемиштерди таңгактоо,
Баткендин бренди болгон азыктар чет элдик соода түйүндөрүндө сатыкка чыга баштады.
Облус боюнча 18 чакырымга жакын ички жолдор асфальтталды. Облустун Түркменстан
менен болгон кызматташтыгы жакшырды.
ишканалар ачылды. Ири логистикалык борборлорду курууга шарт түзүп, жеке ишкерлер
тарабынан айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү мөмө-жемиштерди таңгактоо,
Баткендин бренди болгон азыктар чет элдик соода түйүндөрүндө сатыкка чыга баштады.
Облус боюнча 18 чакырымга жакын ички жолдор асфальтталды. Облустун Түркменстан
менен болгон кызматташтыгы жакшырды.
Жалалов Жаныбек Махматалиевич (17.10.2020-16.02.2021)

тарабынан 50 млн.сом бөлүнүп ири долбоор башталды. Баткен районундагы 600 гектар
жер аянттары айыл чарба багыттары жерлер категориясынан калктуу конуштар
категориясына которулду. Тазалыкка жаңы техникалар тапшырылды. Кадамжай
районунда Өзбекстандын колдоосу менен курулган 200 орундуу оорукана пайдаланууга
берилди. CASA-1000 долбоорунун алкагында «Жергиликтүү коомчулукту колдоо”
долбоору ишке ашырыла баштады.
Суваналиев Омурбек Исакович (17.02.2021-03.05.2021)

ачык кызматташуу саясаты башталды. Ферганада Баткен-Согди-Фергана облустарынын
бизнес коомчулугунун катышуусунда чоң форум өттү. “Кайтпас” жана “Өтүкчү” өткөрүү
жайларынын иши жанданды. Баткенде “Коопсуздук – 2021” жана “Калыптандыруу-2021”
Биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуу өттү. 28-29-апрелде
тажик-кыргыз кагылышуусунан улам 189 жаран жабыркап, 36 жаран курман болуп, 140
турак үй жана 84 обьект жабыркаган.
Алимбаев Абдикарим Карбекович (05.05.2021)

кабинет кызматкери эмес, эл кызматкери болууга чакырды. Аткезчилик
менен күрөшүү боюнча мобилдик топтор түзүлдү. Өзбекстан Баткен
облусунун чек арадагы эки айылына мектеп куруп берүү маселесин
колго алды. Баткен облусуна статус берилди. Туризм багытын
өнүктүрүүгө жаңы кадамдар таштылды. Калыбына келтирүү иштери
жүргүзүлүп, Баткен шаарында 36, Лейлек районунда 84 турак үйлөр
пайдаланууга берилди. Түрк ишкерлери Баткен шаарындагы стадионду
реконструкциядан өткөрмөй болду.