Баткенде белгилүү жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармаларынын негизинде «Кызыл өрүк» аталышындагы толук метраждуу тасма тартылат. Учурда «Кызыл өрүк» тасмасын тартуу боюнча даярдыктар башталды. Кино мамлекеттик бюджет тарабынан каржыланып, режиссёр Актан Арым Кубат тартат. Баткендик эжекебиз, жазуучу Топчугүл Шайдуллаева мындай жагымдуу жаңылыгын биз менен болгон телефон аркылуу байланышыбызда билдирип, «Кызыл өрүк» толук метраждуу тасмасын тартуу боюнча даярдыктар башталганын айтып берди.
– Топчугүл эже саламатсызбы, кандайсыз. Баткенде «Кызыл өрүк» тасмасы тартылып жатыптыр, ушул туурасында учкай кеп кылсак…
– Саламатчылык. Макул жакшы болот. Баткенде «Кызыл өрүк» толук метраждуу тасмасын тартуу боюнча даярдыктар башталды. Кинону режиссёр Актан Арым Кубат тартат.
– Бул идея кимден келип чыкты?
– Кино тартуу идеясы белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубатка таандык. Ал мага менин бир аңгемемдин негизинде сценарий жазып бер деген сунуш менен кайрылган. Сценарий менин чыгармаларымдын негизинде жазылды. Жазуу учурунда режиссёрдун да айрым сунуштарын эске алдым.
“Кызыл өрүк” фильминин сценарийи менен биз режиссёр экөөбүз Кино департаменти, Улуттук Кыргыз фильм жарыялаган сынакка катыштык. Көркөм Кеңештин кароосунан, талкуусунан өттүк. Алар кинофильмди тартууну мамлекеттик каржылоого сунуш беришти.
– Бардык нерсе каражатка байланыштуу эмеспи, тасма тартууну ким каржылайт?
– “Кызыл өрүктү” толук метраждуу тасма тартууну мамлекет каржылады. Биз үчүн бул чоң сыймык! Учурдан пайдаланып, бизди колдоп берген мамлекетибизге терең ыраазычылык билдирем.
– Тасма тууралуу эпизоддорго токтоло кетсеңиз, фильмге катышуучу каармандар кантип тандалат. Айтайын дегеним, жергиликтүүлөрдөн да катышабы?
– “Кызыл өрүк” жанры боюнча социалдык драма. Баткенде тартылат. Толук метраждуу тасма болот. Карапайым адамдардын жашоосу, аялдардын тагдыры чагылдырылат. Фильмде кайсы актёр, актрисалар ойноорун режиссёр өз ү чечет.
– Топчугүл эже айтсаңыз, чыгармачылык багытыңызда кандай жаңылыктар бар?
– Быйыл, кудай кааласа ушул күндөрү мамлекеттин каржылоосу менен жаңы китебим чыгып жатат. “Кадакчы” деген аңгемелер жыйнагым.
Андан тышкары англис, казак тилдеринде китептерим которулууда. Быйыл жыл соңунда чыгып калат деген үмүттөмүн.