”Жаа атуу менин экинчи кесибим болуп калды”

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бактыгүл Абдисаламова, жетиген комузчу, ырчы:

”Жаа атуу менин экинчи кесибим болуп калды”

 

Бактыгүл Абди Жетиген -деген ат менен улуттук аспаптарын эле эмес, жаа атуу боюнча дагы Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жаткан Бактыгүл айым Баткендин кызы экендигин көптөр биле беришпесе керек. Болгондо да дүйнөдө сейрек өскөн Айгүл гүлү мекендеген Кара-Булакта  төрөлүп, айылдан музыкалык билим алган айым, Кыргыздын тарыхында  биринчи  жолу “Нур Жетиген” ансаблин 2020-жылы түзүп, эки жыл аралыгында эл аралык деңгээлге алып чыккан. Эки жолу жаа атуу боюнча республикалык турнирде  алтын медаль алган. Учурда борбор калаадагы Т.Сатылганов атындагы улуттук филормониянын солисти болуп эмгектенет.

Кандай гана мамлекеттик иш чараларда болбосун кыргыздын этно музыкалык аспаптарын жеткире ойноп, өзүнүн мыкты аткаруучулугу менен айырмаланган жердеш кызыбыз кыска аралыкта дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө буруп, өзгөчө таланты менен дүйнөгө кыргыз этно музыкаларын даңазалап келет. Биз Бактыгүл айым менен өмүрү чыгармачылыгы тууралуу телефон аркылуу баарлаштык.

 

– Бактыгүл айым, алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?

– Мен Баткен облусунун, Баткен районунун, Айгүл гүлү өскөн Кара-Булак айылында 1986- жылы 23-февралда жарык дүйнөгө келгем. Балалык чагымдан улуттук аспаптарга, ыр- дастан ырдоого жан дүйнөм жакын болду. Ата- энем жумуш- шартына байланыштуу борбор калаабызда жашап калышты. Мен таэне-таятамдын колумда тарбияландым.

Айылдагы С.Эрматов орто мектебин аяктаган соң, алгач айылдык музыкалык мектептен комуз боюнча Нарынса Эшалиевадан билим алдым. Андан кийин К.Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын Эл аспаптар бөлүмүн ыраматылык залкар комузчу Нурзат Орозалиева деген устатымдан, комуз аспабын бүтүрдүм. Андан соң үн кою боюнча мыкты мугалим Эржан Мусин агайымдан сабак алдым. Ошол эле мезгилде кыргыздын улуттук музыкалык аспаптарын треңдетип үйрөнүп чыгып, бир нече эл аралык фестивалдарда жеңүүчү болдум. Алгачкы эмгек жолумду 2017-жылы Борбордогу балдар музыкалык П.Ф.Шубин атындагы музыкалык мектептен баштап, 2021-жылга чейин комуз-жетиген аспабы боюнча жаш жеткинчектерге билим берип келдим.

 

– Маданиятка ыктап, өнөр адамы болуп калышыңа эмне түрткү болду?

– Башында айтпадымбы, таэне-таятамдын колунда чоңойдум деп. Таэнем Бүбүсазда Артыкова деген кошокчу, колунан көөрү төгүлгөн ууз чебер эле. Кол өнөрчүлүк менен алектенип отурган кезинде, жанынан чыкчу эмесмин. Улуу Ата Мекендик согушка төрт агасы барып кайтпай калганын, согуштун апааттуу күндөрүн кошокко салып айтчу, ийнесин учтап берип, тыңдап отурчумун. Чачымды кырк өрүм кылып өрүп, майрам сайын өз колу менен көйнөк тигип берээр эле. Таякем да мыкты музыкант эле. Кичинекей  кезимден ушундай чыгармачыл үй бүлөдө чоңойгонум, кудайымдын берген таланты менен алдыга койгон максатым ишке ашты.

 

-Жетиген-комузду кантип өъздөштүрүп калдың?

– Жетиген аспабын 2017-жылдан баштап кызыгуум арта баштады. Анан эле аталган аспапты изилденип, өздөштүрдүм. Студент кезимде Н.Орозалиева устатым түзгөн  “Сезим” комузчулар ансамблинин солисти болуп эмгектенип жүрдүм.

Ал эми 2020-жылы “Нур жетиген” ансамблин түзгөм. Ансамбль  аспаптан тышкары, улуттук жаа атуу өнөрүн да үйрөнүп, элге өз өнөрүмдү тартуулап келем.

Жетиген аспабын аркалап баштаганда, устатым Нурзат Орозалиеванын “Мен сага ишенем, сен аракетчил, таланттуу, күчтүүсүң” деген сөзү менен берген билими, жетигенчи- комузчу болуп элге таанылуума себеп болду. 2018-жылы дүйнөлүк 3-көчмөндөр оюндарына жетиген аспабын алып чыгып, анын коштоосунда тарыхта биринчи жолу Манас айтылган.

 

– Демек, сенде жаа атуу өнөрүң да бар турбайбы?

– Ооба. Бош убактымды жаа атуу менен өткөрөм, алгач хобби деп ойлогом, бирок, республикалык, эл аралык мелдештерде байгелүү орундарга жетишип, ийгиликке да жетиштим. Баткенимде өткөн Нооруз майрамында жаа атуу боюнча мелдеште 1-орунду камсыз кылдым. Ал эми жаа атуу боюнча республикалык турнирде эки жолу алтын медалдын ээси болдум. Ошентип мындан ары жаа атуу өнөрүм экинчи кесибиме айланып калды.

 

– Бактыгүл айым, айтсаңыз, дайыма улуттук кийим кийүүгө басым жасап келесиз…

– Улуттук баалуулуктарыбызды аздектеген соң, албетте улуттук кийимдерибизге басым жасайм. Ал эми 2018-жылдан тартып, улуттук оюндун түрү жөө жаа атуу, ат үстүндө жаа атуу өнөрү менен машыгып, эл астына чыккандыктан, баатырдык мүнөздөгү кийимдерди кийип келем. Анткени ат үстүндө жаа атып бара жатканда ыңгайлуу болуусу шарт. Эң негизгиси ыңгайлуу, кийген кийимдеримдин дизайнын өзүм ойлоп табам.

 

– Учурда эмне менен алектенип жүрөсүң?

– Азыркы учурда борборубуздун Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын солисти болуп эмгектенип жатам. Келечекте улуттук баалуулуктарыбызды өркүндөтүүдө талыкпай эмгектенип, кыргыз этно музыкаларын дүйнөгө дагы да даңазалоого салым кошууга аракет жасайм.

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *