(Бүт өмүрун эл агартууга арнаган агайым Камил Орозбаевдин жаркын элесине арналат)
Элдик педогогиканын абасы менен дем алып, өмүр күндөрүн бийик кармаган, элчил, коомчул устаттарыбыздын катары бизде арбын. Бул чөйрөдө таалим-тарбиянын улуу күчү менен жаштарга таалим берип, элдик менталитетке карай даркан жолдорду үйрөтүп кеткен көсөм, чыныгы агартуучу-педогогдорго таазим этебиз.
Аксакалыбыз өз\нөн кийинкилер үчүн “Тарбия мектебин”куруп кетти. Жүрүм-туруму, жасаган эмгектери, айткан насааттары аркылуу жаштарды бийик деңгээлдеги руханий чокуга чейин жетелей алды. Бул жаратмандык агайыбызга жараткандан берилген кудуреттүү күч, мекенчил философиясы экен. Кыргыз жаштарына намыскөйлүк, жарандык аң сезим өтө зарыл болуп турганда жүрөгүнүн чакырыгы менен, эртеңкинин ийгилиги үчүн нагыз кыргыздын табигый тарбиясын көрсөтүп, анан о дүйнө карай баса берди, кайран киши.
Агайыбыз түбөлүктүү өчпөй турган маегибиз. Анткени, өлгөндөр даңкталмайынча, тирүүлөр баркталбайт! Кыргызчылыкта эс тутумду түптөө, элдик нарк насилди кабылдоо, дүйнөгө
көз ачып кароо биринчи шарттардан болуусу керек. Мындай учурда агайыбыз сыяктуу улуу устаттар абадай керек. Ошондуктан, “Карысы бардын-ырысы бар”-деген улуу сөз айтылат. Устаттын алдында жаштарыбыз эми дүйнө таануу туюмдарынын көз\ ачылып жаткан булак сыяктуу болот. Буга агайыбыз терең маани берип, мээнет менен ырыскы табууну, эмгек жашоонун көркү экендигин, чүрпөнү адам кылып, тарбиялоонун тарбия сабактарын үйрөтүп, эмгек кылды. Бүгүнкү тарбиянын муктаждыктарын өзүнүн жасаган эмгектери менен үйрөттү. Инсандык улук касиеттери менен үлгү болуп берди да, өрнөктүү өмүр тапты. Жаштарга көөнөрбөс, өлбөс-өчпөс осуят улуу муундан, устаттардан каларын терең түшүнгөн.
Андыктан агай, бир өмүрүн бала, педогогика, тарбия жараянына берди. Тарбия таалимин үйрөнүүнү чыгармачылык менен пайдаланды. Учур тарбиясын сөзмө-сөз которбой, иши менен, баскан-турганы менен которгон устатыбыз. Мээрим менен кыргыз баласы тарбияланарын, бул кыргыз педогогикасынын “улуу мыйзамы” экендигин үйрөттү. “Бала”деген сөздүн эртеңи келечек экендигин, эл экендигин, мекен экендигин үйрөтүп кетти. Келечектин жыргалы үчүн өмүрүн балдардын д\йнөсүндө, педогогиканын улуу жолунда арыштады.
Улуттук кыртыш балдарыбыз экендигин, аны сактап калуу үчүн муундардын, тукум-туяктардын, кыргызчылыкты бекем туткан инсан болуп жетилиши үчүн агайыбызды эстедик. Анткени, аксакалыбыз жогорудагы касиеттүү асыл сапаттарын берип, анан аттанды түбөлүктүү сапарына. Агайдын о дүйнөгө кетиши кайгылуу баян болгону менен, анын бизге калтырган тарбиясы алыстарга арышын кере берет.
Кубатбек Турдумамбетов, Кадамжай району, С.Тажибаева орто мектебинин мугалими