Олжобай Мажилимов, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:
«Мектептен тышкары убакта окуучулардын коопсуздугуна ата-энелер жооптуу»
Баткен районунун аймагындагы жалпы билим берүү уюмдарында 2023-2024-окуу жылын жыйынтыктоо жана акыркы коңгуроо салтанаттуу иш-чараларын өткөрүү, убагында мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо максатында атайын жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов билдирди.
Анын айтымында, «Акыркы коңгуроо» салтанатын уюшкандыкта өткөрүү боюнча КР Билим берүү жана илим министринин буйругу чыгарылган. Ага ылайык, район акиминин жана билим берүү бөлүмүнүн буйруктары чыгарылып, аймактардагы билим берүү мекемелерине5 аткаруу үчүн жиберилген. Буйрукта белгиленгендей, бүтүрүүчүлөргө табиятта эс алуу, кортеждерди уюштуруу, мектептерде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынып, мектептен тышкары балдардын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүүгө ата-энелер жооптуу экендиги милдеттендирилди.
жыйын Баткен районунун акиминин орун басары Кишимжан Кыдырованын жетекчилиги астында өткөрүлдү. Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, райондун аймагындагы билим берүү мекемелеринин, тийиштүү мекеме ишканалардын жетекчилери жана ата-энелер катышты.
Жыйында райондогу жалпы билим берүү мекемелеринде окуу жылынын аягындагы “Акыркы коңгуроо” салтанаттарынын өткөрүлүшү жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө мектеп окуучуларынын коопсуздугу талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө район акиминин орун басары Кишимжан Кыдырова жакында Сузак районунда өткөрүлгөн Манас айтуу иш чарасында орун алган кырсык туурасында айтып, окуу жылын ийгиликтүү аяктап алууга чакырды. Ошондой эле мектеп окуучуларынын ата-энелерине окуучулардын өз алдынча эс алууга чыгууга уруксат жок экендигине токтолуп, окуу эмес, майрам күндөрү окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу экендиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
Жыйындын соңунда жетекчилерге тапшырмалар берилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Белгилей кетсек, район аймагында жалпы 54 билим берүү мекемелери бар. Анда жалпы окуу жылынын аягында 11-классты 803, 9-классты 1407 бүтүрүүчү аяктап жатат. 11-класстардын ичинен 14-майда 22 окуучу алтын тамга атестатына сынак тапшырышты. 803 бүтүрүүчүнүн ичинен 557 бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өтүшкөн. Бул жалпы бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 68 пайызды камтыйт. Алар 22-майдан 24-майга чейин жалпы республикалык тестирлөөгө катышат.