“Мал кармагандан кийин, малды караганды да билиш керек»

Соц.тармактарда бөлүшүү

Советбек Калыков, Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы:

“Мал кармагандан кийин, малды
караганды да билиш керек»

Адатта жаз келгенде малдарды дарылоо өнөктүгү башталат. Малдан адамдарга жугуучу коркунучтуу оорулардын алдын алуу боюнча учурда жер-жерлерде ветеринарлар түшүндүрүү иштери менен кошо эмдөөлөрдү жүргүзүүдө. Бизге бул маанилүү өнөктүк боюнча Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Советбек Калыков айтып берди.

– Советбек Маматисакович, кыргыздарда «мал аман болсо, жан аман болот» деген кеп бар эмеспи. Ошондуктан мал-жандыктарына болгон камкордуктар кандай болуп жатат?
– Ооба туура айтасыз, тилекке каршы бүгүнкү күндө мал-жандыктардан адам баласына жугуучу (зооноздук) ооруулар көбөйүүдө. Анткени элдердин, мектеп окуучуларынын арасында бир канча жолу райондук медицина, билим берүү кызматкерлери менен биргеликте малдан адамга жугуучу өтө коркунучтуу эхинакоккоз, бруцеллез жана башка бир катар жугуштуу ооруулар жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан, күнүмдүк тиричиликти өмүрдөн өйдө коюп, же болбосом генебестиктин артынанбы өздүк гигиенаны сактабаган учурлар катталып натыйжада оорууга чалдыккан адамдар айрыкча мектеп окуучуларынын арасында катталган учурлар болууда. Бирок ага карабастан, Кадамжай райондук ветеринардык кызмат тарабынан малдан адамга жугуучу ооруулардын алдын алуу ага каршы күрөшүү иш-чаралар планы иштеп чыкканбыз. Натыйжада бүгүнкү күндө бир катар иштер турмушка ашууда. Тактап айтканда, эхинакоккоз ооруусуна каршы күрөшүү үчүн ит-мышыктарды «азинокус», «прозиквантель» препараттары менен дегелминтизациялоо иштери жана бруцеллез ооруусуна каршы бодо малдарды «штамм-19» жана кой-эчкилерди «РЕВ-1» вакциналары менен эмдөө иштери жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары жыл сайын серологиялык жол менен канын лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөрүү жана башка тиешелүү иш чараларды жүргүзүп турабыз.
– Мал арасындагы жугуштуу ооруларга каршы эмдөө башталдыбы?
– Жыл сайын мал-жандыктарды жайытка чыгаар алдында жана жайыттан келген учурда массалык түрдө жугуштуу оорууларга каршы алдын ала эмдөө иштери жүргүзүлөт. Азыркы учурда да ветеринардык башкармалыктын көзөмөлдүгү астында бекитилген планга негиз иш-чара уюшкандыкта кызуу жүргүзүлүүдө.
– Элге ветеринардык кызматын көрсөтүүнүн тартибине да токтоло кетсеңиз?
– Туура суроо бердиңиз. Мамлекет тарабынан бир канча оорууларга каршы колдонулуучу вакциналар республикалык бюджеттен каржыланса, ветеринардык дарыгерлер эмдөө иштерин жүргүзгөн учурда элдер эмне үчүн акча алаарын айтып келүүдө. Жер-жерлерде эмгектенген ветеринардык адистер жыл сайын райондук ветеринардык башкармалык менен келишимдин негизинде иш жүргүзүшөт. Жеке ишкер болуп келишимдин негизинде иштегендиги үчүн айлык акы төлөнүп берилбейт, болгону жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан бекитилип берилген прейскуранттын негизинде эмдөө иштерин жана башка көрсөткөн кызматтары үчүн элдерден акча алып, кызмат көрсөтүшөт.
– Жолбун иттерди атуу маселеси кандай жолго коюлган?
– Эки сурооңузга бирге жооп берип кетейин. Кутурма оорусу жапайы жырткыч жаныбарларга таандык болуп, ооруну алып жүрүүчү болуп эсептелет. Кутурма оорусу үй жаныбарларына жапайы жырткыч жаныбарлардын шилекейи аркылуу тиштеген учурда жугат. Көпчүлүк учурда бул оору иттердин арасында кездешилип, тилеке каршы кээ бир учурда адамдын өлүмүнө чейин алып келген учурлар да кездешүүдө. Кутурма оорусуна каршы күрөшүүдө ит-мышыктарды жыл сайын бир жолу алдын ала эмдөө, каттоого алуу иштери жүргүзүлөт. Ал эми ээси жок жолбун иттер жергиликтүү бийликтин эсебинен атып жок кылуу жолу менен жөнгө салынып турат.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *