Сүйүнбай Сатыбалдиев, Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы:
«Жөлөк пул берүүдө үй-бүлөнүн жалпы
кирешеси эске алынат»
Жөлөк пулду 16 жашка чейинки балдары бар ай сайын кирешеси бир адамга кепилденген минималдуу кирешеден башкача айтканда 1000 сомдон төмөн болгон үй бүлөлөр ала алышат. Бүгүнкү күндө Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында Баткен району боюнча 5233 үй-бүлө же 16620 бала, ал эми Баткен шаары боюнча 512 үй-бүлө же 1633 бала “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алышууда. Жөлөк пул кимдерге берилет, кандай тартипте деген суроолор менен Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Сүйүнбай Маматкасымовичге кайрылганбыз.
– Сүйүнбай Маматкасымович, кандай үй-бүлөлөр жөлөк пул ала алышат?
– Жөлөк пул берилерде үй-бүлөнүн жалпы кирешеси эске алынат. 16 жашка чейинки балдары бар, ай сайын кирешеси бир адамга кепилденген минималдуу кирешеден, б.а. шарт боюнча үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнүн кирешеси айына 1000 сомдон ашпоого тийиш.
Эмгекке жарамдуу курактагы үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү иштеши керек же эмгекке жарамсыздыгын далилдеши шарт. Эгерде үй-бүлөнүн эмгекке жарамдуу бир же бир нече мүчөсү бош эмес болсо, анда “үй-бүлөгө көмөк” деп кайрылуудан мурда алар жумушсуз катары каттоого турушу зарыл.
Жөлөк пул иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында белгиленген тартипте иштебеген жана катталбаган жарандарга дайындалбайт.
– Жөлөк пулдун кандай түрлөрү бар?
– Жөлөк пулдун түрлөрүнө токтоло кетсем, бир жолу берилчү “Балага сүйүнчү” жөлөк пулу: өлчөмү-4000 сом.
2018-жылдын 1-январынан баштап төрөлгөн бардык ымыркайларга берилет (6 айга чейин документ тапшырып, жөлөк пулду алса болот).
Ал эми “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу: өлчөмү-1200сом. Андан тышкары райондук коэффициент 1,1 (1320 сом) жана чек ара аймагына 1,2 (1560 сом) коэффициент жана 1000 сом компенсация 16 жашка чейинки балдары бар, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө гана чегерилет.
Ошого удаа эле майыптыгы бар жарандарга төлөнүүчү ар айлык социалдык жөлөкпул бар. Ал пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул төлөнүп берилет.
Мындан сырткары, багуучусунан ажыраган балдарга, ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөкпул. ошондой эле багуучусу убагында иштеп, социалдык төлөмдөрдү төлөп жүргөн болсо, ал каза болгондон кийин балдары социалдык фонд тарабынан пенсия алат. Эгерде багуучусу эч жерде иштебесе, ал каза болгондон кийин балдарына Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги тарабынан жөлөк пул берилет. Өлчөмү: бир багуучусунан ажыраса-3900 сом, эки багуучусунан ажыраса-7800 сом.
– “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу тууралуу кеңири айтып берсеңиз..?
– Жогоруда айтып өткөндөй 16 жашка чейинки балдары бар ай сайын жыйынды кирешеси бир адамга кепилденген минималдуу кирешеден же болбосо бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген 1000 сомдон төмөн болгон үй-бүлөлөр ала алышат. Жыйынды киреше деп айыл чарба, турак жай ж.б жерлерден түшкөн кирешелер, жарандардын ар кандай ишкердиктен тапкан кирешелери эсепке алынат. Андан тышкары мал-жандыктары бар үй-бүлөдө ар бир жанга 4 майда малдан аз болсо төлөнөт.
– Айтсаңыз, жөлөк пулун берүүдө муздаткыч, сыналгы сыяктуу үй оокаттары да эсептөөгө кошулабы?
– “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун берүүдө муздаткыч, сыналгы сыяктуу үй оокаттарынын эсептөөгө кошулбай калганына көп болду.
Тактап айта кетсем, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы №307 сандуу токтомуна ылайык, муздаткыч, сыналгы же ушул сыяктуу башка үй-каражаттары эсепке алынбайт.
– “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуу үчүн кандай документтер керектелет?
– Санарип автоматташтырылган түйүнүнө каттоосу, өздүк документтеринин, эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү, банктан эсеп счёту, электр энергиясы боюнча өздүк номери, үлүшү болсо үлүшүнүн көчүрмөсү ал эми үлүшү жок ишке жарамдуу үй-бүлө мүчөлөрү жумушсуздук боюнча миграция бөлүмүнө катталуусу керек.
Жөлөк пул алуу үчүн документтер шаардык жана райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарында кабыл алынат.
– Эгерде жөлөк пул боюнча көйгөйлөр жаралса кимге кайрылыш керек?
– Эгерде жарандарда жөлөк пул боюнча кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса, анда түз эле башкармалыктын өзүнө келип бөлүмдөрдүн башчыларына же болбосо башкармалыктын орун басарына же мага кайрылышса болот. Бардык көйгөйлөрдү мүмкүн болушунча жайында чечүүгө аракет кылабыз.
Гүлчехра Тажибаева, «Баткен таңы»