“Кургак учукту мурда айыкпаган оору деп келишкен”

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бибиойша Курбанова 3 жылдан бери кургак учук оорусун алдын алуу боюнча  Баткен облусунун аймагында иш жүргүзүп келет. “Көпчүлүк оорулар үйүндө дарыланышат. Биз бейтаптарга жашаган дареги боюнча жок дегенде жумасына бир-эки жолу үйүнөн кабар алып, патронаждык медайым катары жардам көрсөтүп турушубуз керек. Бейтаптын дары ичип жатканын көзөмөлгө алабыз жана аны менен телефон аркылуу  байланышып, дагы ичкен-ичпегенин видеокөзөмөлдөйбүз”, – дейт биздин каарманыбыз Б.Курбанова.

Анын айтымында, кургак учук менен ооруган оорулуулар көбүнчө дарыны ичпей коюшат. Анткени, ар  бир дарынын дагы терс таасири бар, ошол терс таасирине чыдабагандар көбүнчө ичпей коюшат, же азыраак ичкенден кийин өзүн жакшы сезип калдым деп ичпей койгондору да бар. Эгер ооруган адам ичкиликти көп ичкен жаран болсо, аны дарылоо да өтө оор болот. Алар ичкиликке берилип кетсе үйүнө да келбей коет. Айлап-күндөп үйүнө келбей койгон учурлары болуп, медайымдар аларды таппай калгандары да жолугат.

 

– Кургак учук оорусунун башка оорулардан өзгөчөлүктөрү эмнеде?

– Кургак учук оорусун мурда айыкпаган, тукум кууган оору деп келишкен. Ушундай  стреотип орун алып калган. А чындыгында андай оору эмес. Кургак учук оорусу оорулуу адамдан аба аркылуу жугуучу оорулардын катарына кирет жана эң эле татаалдыгы узак мөөнөттүү дарыланууну талап кылат. Эгер оорулуу алты ай толук дарыланбаса оору туруктуу мүнөзгө өтүп кетип калгандыктан, он сегиз айдан эки жылга чейин даарыланууга  туура келет. Албетте дары ачуу, өзүнөн тескери кошумча таасири бар болгондуктан башы айланып кусушу мүмкүн. Бирок, алгачкы бул кыйынчылыктарды ар бир оорулуу жеңе билүүсү зарыл.

– Кургак учук оорусуна чалдыккан адамдар өздөрүн кандай сезишет? Алар коомдогу өзүн-өзү алып жүрүүсү боюнча эмнелерди айта аласыз?

– Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Бизден сырткары дагы башка тиешелүү адистер да түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Адамдар ооруп калса ачыкка чыгарууну каалашпайт. Эң эле коркунучтуулугу ушунда. Анткени, бейтап “коомчулукта билинип калса обочолонуп каламын, кошуналарым билип калса эмне дейт?”- деп өз оорусун жашырганга аракет кылышат. Биз менен кошо жер-жерлерде ден-соолукту чыңдоо кабинетинин кызматкерлери тарабынан да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.

Кургак учуктун жабык түрү менен ооругандар коомго коркунуч алып келбейт. Аны азыр баары эле билип калды. Бирок, ошого карабастан “башкаларга жугушу мүмкүн” деген чочулоо менен эл арасында өзүн-өзү басынтып, элден обочолонуп жашап келгендер да жок эмес. Биз ошондой түшүнүктөгү бейтаптар менен бир айда бир жолу жолугушуу уюштуруп, ал жерде бири-биринин башынан өткөн окуяларын айтып беришип кырдаалдан чыгуунун жолун көрстүүгө аракет кылабыз. Натыйжада, тагдырлаштар арасында өз ара бирин-бири колдоо тобун түзөбүз. Ар бир келген адам өз башынан өткөн окуяларын айтып, тилектештер тайпасы түзүлгөндөн кийин алардын коомго аралашып кетүүсүнө жеңил болуп калат. Кыйынчылыктан чыгуунун жолун табышат. Башкача айтканда биз алардын оорунун “сазынан” суурулуп чыгуусуна өбөлгө түзөбүз.

Учурда биздин арабызда ыктыярчы катары иштешип жүргөн жардамчыбыздын тагдыры башкалар үчүн чыныгы баштан өткөн окуя катары өтө таасирдүү болду. Ал мурда кургак учук менен ооруп аз убакыт дарыланып, дарылануусун аягына чыкпай чет өлкөгө иштегени кетип калган. Ал жактан катуу ооруп кайра келгенден кийин дарыланууда он сегиз ай жатып сакайып чыккан. Анын өз башынан өткөргөн окуясы башкаларга чоң сабак болду. Ал бүгүнкү күндө да үч жылдан бери биз менен чогуу башкаларга жардам берип келет. Мындай баштан өткөн окуяларды уккандан кийин ооруп калган бейтаптар стресс абалдан бат эле чыгып, дарылана башташат жана жашоого болгон үмүтү кайра жанып кадимки жашоого тез эле кайтып келишет.

– Ишмердүүлүгүңүздө кыйынчылыктан сууруп чыккан бейтаптарыңыз бардыр?

Албетте, андай учурлар көп. Бизде бир үй-бүлө болду. Аты-жөнү сыр бойдон калсын. Анын күйөөсү дагы биринчи дарылануусун жакшы алган эмес. Күйөөсү экинчи жолу ооругандан кийин өз жанын кыйып алган. Бул трагедия үй-бүлө мүчөлөрүнө оор сокку болду. /йдө калган аял, анын эки баласы да кургак учук оорусуна кабылып калышкан. Кароосуз калган үй-бүлөгө моралдык жана материалдык жактан колдоо зарыл болуп калды. Аларга USAIDдин “Кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо” долбоорунун алкагында үй-бүлөгө тамак-аш, дары-дармек жана психологиялык жактан жардам берилди. Натыйжада алты ай дарыланып чыгышып, саламаттыгы жакшырып, өздөрүнө келип калышты. Андан сырткары эжени биз тигүүчүлөр курсуна окутуп, иш таап бердик.  Ошондой эле жатып дарыланып чыккандан кийин түрдүү стресстен чыгуучу онлайн  курстарга катыштырдык. Ошолорго катышып ал эже эки баласын сакайтып, өзү да  сакайып элге аралашып кетишти. Тигүү цехинде 3 кол астында жумушчулары бар, кирешелүү ишкердик кылууда.

Бул окуя биздин эсте калган бир нече ийгилигибиздин бирөөсү. Мындай жана башка ийгиликтүү окшош учурлар көп. Азыр анын балдарын текшерүү керек болуп калган учурда Кызыл Ай коомунун Баткен облустук филиалынын эсебинен Ош шаарына жол акысы төлөнүп, жиберип турабыз. Ал эже азыр биздин катарыбызга кошулуп бейтаптар арасында “дары ичпеймин, кургак учук менен ооруганымды айтуудан уяламын” дегендер арасында түшүндүрүү иштерине чоң жардам берип, ооруну кантип жеңгенин айтып берет.

Дагы бир окуяда, Россиядан бир кызыбыз ооруп келди. Анын эки баласы бар келинин  кайната-кайненеси “балдарга жуктурасың” деп үйгө киргизбей койгон. Ал стационардык дарыланууда жатты. Кыштын күнү кийим кечеси жок болгондуктан Кызыл Ай коому тарабынан күзгү жана кышкы кийимдерин камсыздадык. Биз ай сайын ага азык-түлүк берип турдук. Эки баласы менен жашаганга шаардан батир таап, дарылануу курсун толук бүткөрүүгө жардам бердик. Азыр эми баары жакшы болуп калды. Ал келин үй-бүлөсү менен кайра табышып, бактылуу жашап калды.

Бизде долбоордун алкагында “азык-тулук ваучери” деген колдообуз да бар. Ушундай бир мезгилде, мисалы бирөө дары жакшы ичпей жатса, дарылануу курсунун жүрүшүндө дем катары азык-түлүк жагынан колдоп турабыз. Себеби бейтап адам дарылануу учурунда жумушсуз жана кароосуз калып калат. Ошондой учурларда “азык-түлүк ваучери” эбегейсиз чоң колдоо болот.

 

– Кургак учуктан айыкса болобу?

Албетте кургак учуктан айыгууга жана алдын алууга болот. Эң негизгиси, дарыланууну таштабастан, дарыгерлердин бардык сунуштарын аткаруу зарыл. Бирок дары-дармек менен кошо кургак учук менен ооруган адамдар үчүн айлана-чөйрөнүн колдоосу маанилүү. Бейтаптар узак мөөнөттүү дарылоону аяктап, кадимки жашоосуна кайтып келеерине ишенем. Бири-бирибизди колдоо менен ооруну жеңүүгө аракет кылабыз. Бизге ыктыярчылар чоң жардам беришет. Адамдарга кургак учук оорусу, жугуу жана андан дарылануу жолдорун жеткиликтүү кылып түшүндүрүп беребиз. Эгер, кимдир бирөөгө  биздин жардамыбыз тийген болсо мындан өткөн кубаныч жок. Анткени өз эмгегиңдин ийгиликтүү натыйжасын көрүп ыраазы болосуң. Эл арасында кээде мурдагы бейтаптарымды көрүп каламын, алардын мага караган мээримдүү көз карашынан ыраазычылыгын жана бактылуу жашоосун сезем. Мындай бактылуу сезимдер менен бардык кыйынчылыктарды жеңип чыгабыз.

Гүлчехра Тажибаева, “Баткен таңы”


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *