Болоткан Баяке уулу, Кадамжай районунун акими
“Жаш келсе ишке”, деп коёт элибизде. Болоткан Баяке уулу Кадамжай районун жетектеп, баштагандан бери аймакта буга чейин сөз болуп бирок ишке ашпай келген бир катар долбоорлор ишке ашууда.
Адегенде эле Молдо Нияз, Кыргыз-Кыштак аймактарын сугат суу менен камсыздоо көйгөйүн чечти. Салык саясатын илгерилетти, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактарынын алга жылышына өбөлгө түздү. Бизге бул багытта Болоткан Баяке уулу кеңири айтып берди.
– Болоткан мырза, “Кадамжайга жаш аким келди, тыным албай иштейт”- деген жакшы пикирлерди угуп жатабыз. Чоң районду жетектөөдө кыйынчылыктар жокпу?
– Ооба, Кадамжай району Баткен облусунун калкынын санынын дээрлик 36 пайызын түзөт. 210 миңге жакын калк жашаган касиеттүү аймакта иштөө абдан жооптуу. Тыным албай иштөөгө туура келет. Мындай караганда Кадамжай районунун өнүгүү мүмкүнчүлүгү кең болгондугуна карабастан, чечүүнү талап кылган маселелер да арбын болгондуктан өзүмдүн болгон тажрыйбамды, билимимди жумшоого аракеттенем.
– Облуста биринчи болуп, сиздерде АТР ишке ашууда. Коомчулук бул жаңылыкты кандай кабыл алды?
– Туура, мен буга чейин Нарын районунда иштеп турган кезде пилоттук долбоор катары Нарында алгачкылардан болуп ишке ашкан Административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп, ал жактан алган тажрыйбамды Баткен облусунун Кадамжай районунда жүргүзүлгөн административдик аймактык реформада колдондук. Бүгүнкү күндө район аймагында 13 айыл өкмөттөн 8 айыл өкмөт калды. Жакынкы аралыкта административдик аймактык реформа жакшы натыйжасын берет. Ал эми жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери кеңири жеткирилген.
– Өндүрүш тармактары жаатында кандай жумуштар аткарылууда?
– Район аймагында 1000ге жакын жумуш орундарын түзүү пландаштырылууда. Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна 3-4 долбоорлорду бергенбиз. Буюрса 6 айдын жыйынтыгы менен ишке ашат деген үмүттөбүз. Майдан айыл аймагында бут кийим тигүүчү цехти ишке киргизебиз.
Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы жалпы 150 гектар жер аянтын өнөр жай зонасына которууну максаттап турабыз. Ушундан улам райондун аймагындагы жеке ишкерлерди колдоо максатында өндүрүш ишканаларын курууга жана жарандарды жумуш орундары менен камсыздоо үчүн 9 жеке ишкерге жалпы 41,38 га жер аянттарын жайыт жеринен өнөр жай зонасына которуу боюнча чечим чыгарып бердик.
– Жазгы талаа иштери жөнүндө дагы айта кетсеңиз?
– Өзүңүздөргө маалым болгондой, Кадамжайга жаз эрте келет. Көк-Талаа, Ак-Турпак, Үч-Коргон аймактарында дыйкандар айдап сепкен жер-жемиштер көзгө көрүнүп калды. Негизинен Кадамжай району багбанчылык менен алектенет эмеспи. Бардык мөмө-жемиш берүүчү бак-дарактар буталып, бүчүр ала баштады. Багбандардын алдын ала берген маалыматтарна караганда, быйыл жемиштүү жылдардан болчудай. Белгилеп кетчү жагдай, быйылкы жаңылыгыбыз жазгы талаа иштерине карата ным топтоо иштери жүргүзүлдү. Алсак, Орозбеков айыл аймагынын Пүшкөөт, Надыркен жайлоолорунда “Жер жана токой пайдалануучулар ассоциациясы”, “Кыргыз Жайыт ассоциациясынын” колдоосу менен сугат суу тартыштыгын алдын алууда жасалма мөңгүнү пайда кылуу иштери уюштурулган. Жыйынтыгында жаз айларында мөңгүдөн эриген суу түтүкчө аркылуу келип бак-дарактарды сугат суу менен камсыз кылып, жайлоого чыккан малдарды суугарууга шарттар түзүлөт.
Ушуга удаа эле Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасынын алкагында 13 скважина чыгарылып, 520 га айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
– Келгенден баштап эле ирригациялык тармакка маани берип, суу жетпеген айылдарга суу сактагыч кура баштадыңыздар эле…
– Жыл сайын райондун Молдо Нияз айыл аймагындагы Кыргыз-Кыштак айылында жаз айларынын вегетация мезгилдеринде сугат суу көйгөйү жаралып, дыйкандарга суу жеткирүү орчундуу маселе болуп келген. Аталган маселени чечүү максатында айыл аймактагы Жетиген айылына 500 миң м3 көлөмдөгү суткалык жөнгө салуучу көлмөнүн (БСР) курулуш иштери ушул жылдын февраль айында башталып, учурда аяктоо алдында турат. Жыйынтыгында 1500 га жер аянтын сугат суу менен камсыздоо көйгөйлөрү чечилип, айыл чарба эгиндерин өз убагында суугарууга шарттар түзүлөт.
– Айтсаңыз, район аймагында билим деңгээлин жогорулатуу максатында да аракеттер көрүлүп жатыптыр?
– Келечек жаш муундарыбыздын билим сапатын жогорулатуу менен аларга дем берүү максатында “Акимдин предметтик олимпиадасын” демилгеледик. Бул демилге билим деңгээлин жогорулатуу менен кошо окуучулардын олимпиадага болгон кызыгуусун арттыруу максатын көздөйт. “Акимдин предметтик олимпиадасынын” биринчи баскычы өттү. Жалпысынан райондун аймагындагы жети зонада уюштурулган олимпиадага 1500дөн ашык окуучулар катышты.
Ата-эне бала деп жашайт эмеспи, ошол сыяктуу балдарыбыз келечекте билимдүү, илимдүү болуусун каалайбыз. Балдарга мыкты билим берүүдө биринчиден мугалимдин билим деңгээли жогору болуш керек. Ошол себептен мугалимдер арасында билим деңгээлин, квалификациялык талаптарын жогорулатуу максатында тесттерди өткөрдүк.
– Көрктөндүрүү деген үч айлык өнөктүгү өтүп жатат. Бул багыттагы жасаган иштериңиздер боюнча ой бөлүшсөңүз?
– Ооба туура айтасыз, март айынын башынан тартып шаарлардын жана калктуу конуштардын аймактарын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыяланган. Үч айлыктын алкагында район аймагындагы шаарлардын, айыл аймактардын айлана-чөйрөлөрүн санитардык жактан тазалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, ар жуманын ишемби күндөрү ишембиликтер өткөрүлүүдө.
Жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп райондун аймагында көчөлөрдүн, Ош-Баткен-Исфана негизги унаа жол боюндагы кыш мезгили ичинде чогулган таштандыларды тазалоо иштери аткарылып, 205 тонна таштанды чыгарылды.
Ал эми, “Жашыл мурас” улуттук кампаниясын ишке ашыруу максатында Уч-Коргон токой чарбасы менен биргеликте бак-дарак отургузуу иштери колго алынган. Аталган өнөктүктүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бүгүнкү күнгө карата 2500гө жакын бак-дарактар тигилди.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн көрсөтмөсүнө ылайык, “Бир мекеме-100 көчөт” демилгеси колго алынып, райондук мекеме-ишканалар тарабынан 1281 даана ар түрдүү бак-дарак көчөттөрү отургузулуп, айлана-чөйрө жашылдандырылууда.
Ошондой эле экологиялык туруктуулукту сактоо жана айлана-чөйрөнү жашылдандыруу “Бир адамдан бир дарак” демилгеси райондун ар бир жараны тарабынан колго алынып, ар түрдүү бак-дарактар жана бир жылдык, көп жылдык гүлдөрдү отургузуу жараяны жүрүп жатат.