КӨҢҮЛ АЙТАБЫЗ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Орозбаев дүйнөдөн кайтты
Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Орозбаев 2025-жылдын 30-майында, 55 жаш курагында күтүүсүз дүйнө салды.
Жеңиш Орозбаев билим берүү тармагында көп жыл эмгектенген тажрыйбалуу жетекчи катары белгилүү болчу. Ал акыркы жети жыл ичинде Кадамжай районунун билим берүү бөлүмүн жетектеп, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана тармактагы реформаларды ишке ашырууга олуттуу салым кошкон. Анын жетекчилиги алдында райондогу мектептерде бир катар оң өзгөрүүлөр жүрүп, педагогдордун кесиптик өнүгүүсүнө, мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга багытталган иштер ишке ашкан.
Маркумдун кесиптештери, билим берүү кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар аны иш билги, жоопкерчиликтүү жана адамгерчилиги менен айырмаланган жетекчи катары эскеришүүдө.
Жеңишбек Орозбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 2025-жылдын 31-майында, саат 16:00дө анын туулуп-өскөн жери — Кадамжай районундагы Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Кожо айылында өтөт.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жеңишбек Орозбаевдин билим берүү системасына кошкон салымы жана жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.
Возможно, это изображение 1 человек и текст


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *