Кадамжай районунун кыздар волейбол командасы республикалык чемпионатта жеңүүчү болду

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кадамжай районунун 16 жашка чейинки кыздар арасындагы курама командасы Бишкек шаарында өткөн волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатында 1-орунду камсыз кылышты. Команда мыкты оюн көрсөтүп, таймашта жеңишке жетишкен.
Бул ийгилиги үчүн команданын машыктыруучусу С. Ташбаев жана оюнчулар Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулу тарабынан “Ыраазычылык каты” жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Мындан сырткары, 9-май — Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата өткөрүлгөн райондук иш-чарага жигердүү катышкан бир нече мектептер да майрамдык иш-чаранын жогорку деңгээлде өтүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттары менен сыйланышты.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *