Кеч уктоо сиздин ден соолугуңузга зыян экендигин адистер эскертишип, бир нече мисал келтиришти.
1. Акылдын ачка болуусу. Адамдын мээси 21:00 дон 23:00 го чейин активдүү эс алат. Эгер сиз 23:00 дон кийин уктасаӊыз убакыт өткөндөн кийин акылыӊыздын ачка болуусу башталат. Эгерде сиз 23:00 дон 1:00 го чейин уктабасаӊыз жашоо күчү жабыркайт. Сизде нерв системасы бузула баштайт. Анын белгилери: алсыздык, шалдыроо, оордук, жанчылуу. Эгерде сиз түнкү 1 ден 3 кө чейин уктабасаӊыз, сизде албууттануу жана кыжырдануу пайда болот.
2. Соолуп бараткан сулуулук. Уйку ден соолук үчүн эле эмес , сулуулукту сактоо үчүн дагы эӊ сонун ыкма. Уйкуда жатканда гана, клеткалар жана ткандар активдүү түрдө калыбына келет.
3. Өнөкөт чөгүү. Убакыттын өтүшү менен организмде ички чыӊалуу өсөт. Уйку учурунда ошол чыӊалуудан арылат. Эгерде сиз өз убактысы менен уктабасаӊыз, чыӊалуудан арылбай, маанайыӊыз чөгүп, өнөкөт чөгүү пайда болот.
4. Ашыкча салмактуулук. Америкалык окумуштуулар далилдегендей, өз убактысы менен эс ала албаган айымдар, батырак семиришет. Уйкунун аздыгы зат алмашуу процессин жабыркатат. Эгер сиз кечирек уктап жаткан болсоӊуз, ашыкча салмактуулук пайда болот.
5. Иммунитеттин начарлашы. Баары жөнөкөй: түндөсү организм өз калыбына келет, сергектикке тескери таасир берген кесепеттерди нейтралдаштырып, иммунитетти чыӊдайт. Түн ичинде иммундук системасы бекемделет , күндүз организмге түшкөн патогендүү микроорганизмдерди өлтүрөт. Дайыма уйкуӊуз канбай жүрүшү сасык тумоо, суук тийүү менен ооруп калууӊузга шарт түзөт.
6. Карылык. Түнкү уйкуда теридеги клеткалар калыбына келип, кан айлануу жакшырат. Табигый түрдө мимикалык бырыштардын түздөө процесси жүрөт, теринин өӊү жакшырат жана жылмакай болот. Бул процесстин баары уйку 8 сааттан ашык созулганда гана жүрөт.
Сиз саат канчада уктайсыз? Уйкуӊуз дайыма канабы?