Лейлекте үч тике суу кудугу казылып, суу берүү жакшырды.
КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык Баткен облусун өнүктүрүүгө багытталып, жыл сайын республикалык бюджеттен бөлүнүп жаткан каражаттын эсебинен, Лейлек районунун Лейлек айыл аймагынын үч айылында тике суу кудугу казылып, таза суу жана сугат суу муктаждыгы жеңилдеди.
Суу долбоору үчүн 2,6 млн сом бөлүнгөн. Бул каражатка, Ак-Терек айылынын Боз-Көлмө участкасында 30 кожолуктун 4,5га жерине сугат суу берүү жакшырды. Коргон айылынын Сары-Таш учаткасында 30 кожолуктун 5,0га жер аянтына кошумча суу берилүүдө.
Чоюнчу айылынын Чарбак-Сай участкасында эки тике суу кудугу казылып, биринчиси таза суу үчүн, экинчиси сугат суу үчүн пайдаланылууда. Таза сууну 25 кожолук пайдаланат. Сугат сууну 50 кожолук 7,5га жер аянтына пайдаланууда.
Тике суу кудуктарынын ишке берилиши менен, Лейлек айыл аймагында жалпы жер 17,0га жер аянтын суугаруу жакшырды.






