Облуста рак илдетине чалдыккандар көбөйүүдө

Соц.тармактарда бөлүшүү

Сайпидин Төрөев, онколог дарыгери:

 БАТКЕН ОБЛУСУНДА РАК ИЛДЕТИНЕ ЧАЛДЫККАНДАР КӨБӨЙҮҮДӨ

 

Деги эле өлкө боюнча  акыркы он жылда рак илдетине чалдыккандардын саны көбөйүп кеткен. Мындай коркунучтуу илдет Баткен облусунда өсүп жаткандыгы өкүнүчтүү. Так маалыматтарга кайрылсак 2023-жылы 1158 бейтап катталган болсо, 2024-жылы бул сан алдыдагы жылга салыштырмалуу 11 адамга көбөйгөн. Дарыгердин айтуусунда  рак оорусуна чалдыккандардын көпчҮлүгү көкүрөк безинен жана ашказандан.

Сактансаң сактайт дегендей ар бир жаран өз ден соолугу үчүн кам көрүп,текшерүүдөн өтүп турса рак оорусунун алдын алса болот дейт онколог, дарыгер Сайпидин Төрөев.

-Өлкө боюнча,анын ичинде Баткенде дагы рак оорусунун көбөйүп жатышынын себебине токтолсоңуз?

  • Рак оорусунун көбөйүп дагы,жашарып дагы жатышы абдан өкүнүчтүү. Эң башкысы химикаттар аралашкан азыктардан, андан кийин ичимдик жана чылым чеккенден ракка чалдыккандардын саны өсүудө. Мына мен так маалыматтарга токтолоюн 2024-жылы Баткен облусту боюнча 1169 жаран рак оорусуна чалдыккан болсо алардын 188 и аялдар-көкүрөк бези менен жабыркап калышкандар. Ошондуктан ичимдик ичүүдөн, чылым тартуудан карманыңыздар. Экологиялык азыкка басым жасап, стресстен депрессиялдан оолак жүрүү бул бир эле рак оорусуна эмес башка оорулардын да табылгыс дарысы.

-Рак оорусу жашарып баратат дедиңиз?

-Булда абдан өкүнүчтүү 2024-жылы 0 жаштан алты жашка чейин 10 бала, жети жаштан 13 жашка чейин сегиз бала рак, илдети менен күрөшүүдө. Ал эми 65-69 жашка чейин 70 орулуу жана 55-59 жаштан 42 бейтап болууда. Эми төрөлгөн балдарда рактын чыгуусу, урук кууган, генден десек болот. Ата-энеси таза болуп, чоң энеси же чоң атасы ооруну алып жургөн болсо ген аркылуу балада пайда болот.

 

Рак илдеттин аныктоочу медициналык шаймандар жетиштүүбү?

 -Рак илдеттин эрте аныктоо учун шарт бар. Жарандар келип текшерилип кетсе болот. Дарылоодо түштүк региондор боюнча Ош шаарында онкологиялык борбор иштеп жатат. Бизге кайрылгандарды ошол жака  дарыланууга жөнөтөбуз. Ал жерден толук текшерүүдөн өтүп дарыланат. Ошондуктан рак оорусуну алдын алуу керек, өткөрүп жибербөө керек. Рак оорусунун акыркы  стадиясы болсо Бишкек шаарына жөнөтөбүз, ал жерде заманбап шарттар бар клиникаларда дарыланышат.”

-Бул дарттын белгилери кандай болот?

– Оору байкалбайт температура көтөрүлүп же өзүн жоготуу деген болбойт. Бейтап арыктап,өзүн жаман сезип калат, текшерүүгө келгенде илдет аныкталып, дарылоого жөнөтүлөт. Жарандар өздөрү биринчи ден соолугуна көз салуусу керек. Шекшүү болсо эле кайдыгер болбой, ооруканага кайрылса оорунун алдын алууга зор салым болот.  Айтмакчы акыркы жылдары рак оорусунун көбөйүшүнө айлана-чөйрөнүн булганышы, туура эмес тамактануу жана кыймылдын аздыгы себеп ,болууда.

 

Тынчсызданууга себеп болчу белгилер:

Дарыгердин айтымында ракка кабылгандардын акыркы стадияСына  жеткирбей дарлоо менен адам өмүрүн сактап калса болот. Бул үчүн убагы менен медициналык текшерүүдөн өтүп, ичимдик, чылымды таштап, стресс, депрессиялардан оолак жүрүү зарыл. Ошондой эле уйку өз убагында уктап туруу, ашыкча салмактан арылуу зарыл.

  1. Теридеги кызарган шишиктин пайда болушу.Эске ала турган жагдай, рак шишиги көп учурда оорутпайт, өзгөчө баштапкы учурларында. Өзгөчө моюнга, эркектердин жумурткасына, аялдардын сүт бездерине, ошондой эле колтук бездерге маани бериш керек.
  2. Көпкө созулган жөтөл.Энтигүү же бирдемени жутканда кыйналуу.
  3. Ичегилердин иштешиндеги өзгөрүүлөр. Капысынан болгон ич катуу же тескерисинче ичтин өтүшү.
  4. Кан агуу. Жөтөлгөндө какырыкка же заарага кан аралашып чыккан болсо.
  5. Түшүнүксүз эле арыктоо. Эгерде күтүүсүз жерден эле салмак таштап, арыктап жаткан болсоңуз, (айталы, эки айдын ичинде байкалса) тынчсызданууга негиз бар, дарыгерге кайрылыңыз. Дароо арыктап кетүү – богок же диабеттин өөрчүшүнүн белгиси болушу мүмкүн.
  6. Өнөкөткө айланган алсыроожана уйку жайында болгонуна карабай шалдыроо. Бул учурда дарттын башка белгилери дагы байкала баштайт. Түшүнүксүз эле оорулардын күчөшү. Кандай мүнөздө, кандай учурда болсо дагы зыркыратып орутуу же өнөкөт, кээде эле пайда боло калган ооруксунтуу.
  7. Жаңы меңдердин пайда болушуже башка формага, түскө айланып кетиши;

 

Бактыгүл Мирадилова “Баткен таңы”

 

 

 

 

 

 

 

 

0:05 / 0:11

 

 

 

 

и ещё 5

 

 

Все реакции:

1212

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *