БАТКЕН ШААРЫНДА 10 МИҢ КӨРҮҮЧҮГӨ ЫЛАЙЫКТАЛГАН СТАДИОН КУРУЛАТ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн, 26-февралда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, КФБнын Президенти Камчыбек Ташиев, Баткен шаарындагы 10миң кишиге ылайыкталган стадиондун мезгил кутусун салды.
Иш чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов баштаган жетекчилер,футболчулар, жергиликтүү тургундар да катышты.
Стадиондун жалпы аянты 10га түзөт.
Стадионго караштуу аймак футбол аренасынан сырткары үч машыгуу оюн талааларын жана төрт кичи футбол аянтчаларын камтып, алардын жанында кийим алмаштыруучу бөлмөлөр орун алмакчы. Ал эми стадиондун өзү жана бир футбол аянтча жарык берүүчү шам чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди кечки убакытта кабыл алууга шарт түзүлөт.
Стадиондун аймагында профессионал футболчуларды жана жаш оюнчуларды кабыл ала турган 100 кишилик жатакана комплекси курулат.
Футболдук борбордо 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай орун алат.
Мындай футболдук ири инфратүзүм Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тарыхында Баткен аймагында алгачкы жолу ишке ашууда.
Стадиондун курулушунун аякташы менен облустук жана республикалык маанидеги масштабдуу иш чараларды өткөрүүгө мыкты шарт түзүлөт.
Бул иш аракеттер КРнын Президентинин «2024 2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында ишке ашууда.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *