Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин кимдер алышы керек?

Соц.тармактарда бөлүшүү

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси. Эмнеге жана кимге сатып алуу керек?…
Кыргызстандыктар медициналык жактан камсыздандырылган болсо, дарыланууда өз каражаттарын үнөмдөйт. Медициналык камсыздандыруусу (ОМС) жок жарандар, мисалы, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда медициналык кызматтар үчүн жана мамлекеттик ооруканаларда дарыланууга барганда толук кошумча каражаттын көлөмүн толук төлөп калат. Биз бул багытта камсыздандыруу полиси кандай жеңилдик берет жана аны кимдер алуу керектиги боюнча ММК фондунун Баткен аймактык башкармалыгынын башчысы Кубатбек Төрөбаевич менен баарлаштык.

-Кубатбек Төрөбаевич, дегеле, ММК полиси деген эмне документ, кандай жеңилдик берет? Сизге мындай жөнөкөй суроо бергенибиз ар бир жөнөкөй жаранга түшүнүктүү болсун дегенибиз.

-Абдан туура суроо. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (ММК полиси) – бул мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында медициналык кызматтарды алууга укук берүүчү документ. ММК полисин алганыңызда, сиз камсыздандырылганыңызды жана керектүү төгүмдөрдү төлөгөнүңүздү билдирет. Бул документ айрым медициналык кызматтарга, анын ичинде жеңилдетилген кызматтарга жетүүгө да кепилдик болот. Эң башкысы милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси сиздин ден соолугуңузду коргоону жана медициналык жардамга муктаж болгон учурда каржылык колдоону камсыз кылат. Албетте бул учурда полистин камсыздандырылган болуусу керек. Кыргыз Республикасынын жарандары, Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жайгашкан жана мыйзамдуу түрдө эмгектенип жаткан үй-бүлө мүчөлөрү үчүн; качкындар, Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдар жана кайрылмандар үчүн ММК полиси:
– 12 календардык айга – 1 840 сомду түзөт. Чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар үчүн колдонуу мөөнөтү менен: 6 календардык айга – 5 955 сом,12 календардык айга – 11 910 сом. Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуп жаткан чет өлкөлүк студенттер үчүн колдонуу мөөнөтү менен:
– 12 календардык айга – 11 910 сомду түзөт.
Полиси бар жарандар, мен жогорудагы айтып жаткан жеңилдетилген дары-дармектерди алууга жана саламаттык сактоо уюмдарына кайрылганда баардык камсыздандырылган жарандардын укугуна ээ болот.
-ММК полисин жарандар кандай шартта кайсыл жерден алса болот?

-Жарандар жашаган жери боюнча катталган Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна/топторуна, ММК фондунун Баткен аймактык башкармалыгына, РСК, Керемет, Айыл банк, МBANK тиркемеси, Mega байланыш оператору, Pay-24, QuickPay, О-денги терминалдары аркылуу төлөп, ММК полисин алса болот. Андан тышкары, “Түндүк” мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүү тиркемеси аркылуу төлөсө болот. Төлөп жаткан жаран толук аты жөнүн, ПИНди туура киргизүү керек.

– ММК полисти бардык жарандар сатып алыш керекпи? Жарандардын кайсы категориялары камсыздандырылган болуп эсептелет?

-Жок, медициналык жактан камсыздандырылган жарандардын категориясы бар алар полисти сатып алышпайт булар:
-иштеген жарандар, эгерде камсыздандыруу төгүмдөрү бар болсо;
-дыйкан чарба мүчөлөрү, камсыздандыруу төгүмдөрү бар болсо;
ММК полисин алган жарандар, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз
алдынча төгүм төккөн жарандар;
-пенсионерлер;
-16 жашка чейинки балдар, 18 жашка чыкканга чейин мектеп окуучулары;
-социалдык жөлөкпул алуучулар;
-калкты иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматынын органдарында расмий катталган жумушсуздар;
-күндүзгү бөлүмдө окуган студенттер, 21 жашка чейин;
-аскер кызматкерлери.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган макамы бар жарандарга Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында (МКП) акысыз жана жеңилдетилген шартта медициналык-санитардык кызмат алууга укук берет.

– Жарандар өздөрүн медициналык камсыздандыруу макамын бар экенин кантип билсе болот?

-Камсыздандыруу макамын катталган жери боюнча жарандар Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна барып, күнү-түнү иштеген 113 шыр байланыш кыска номерине чалып, ММК фондунун www.foms.kg сайтынын “ОМС статусу” бөлүмүнө кирип, ПИН терип, андан тышкары, “Түндүк” мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүү порталы, тиркемесинен аныктасаңыз болот.
Камсыздандырылган жарандар амбулатордук шартта ММК кошумча программасынын алкагында жеңилдетилген рецепттер менен дары-дармектерди алууга укуктуу. Оорукана шартында камсыздандырылган жарандар дарыгердин жолдомосу болгон учурда ортоңку деңгээлдеги кошумча төлөмдү төлөп дарыланышат:
сом);
840 сом – терапиялык профиль, (камсыздандырылбагандар үчүн – 8400 сом);
1090 сом – хирургиялык профиль, (камсыздандырылбагандар үчүн – 9170 сом).
-бардык түшүнүксүз суроолор боюнча ММК фондунун 113 ыкчам байланыш номерине чалып, жооп алсаңыздар болот (иштөө убактысы, күнү-түнү).

-ММК полисти кимдер сатып алуусу шарт?
-Полисти сатып алуу жарандардын белгилүү категориясы алууга милдеттүү:
-мекеме-уюмдарда иштеген кызматкерлер салык төлөмдөрүн төлөп, бирок милдеттүү медициналык камсыздандыруу төлөмдөрдү жүргүзбөгөндөр;
-катталбаган жумушсуздар;
-Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жайгашкан жана мыйзамдуу түрдө эмгектенип жаткан үй-бүлө мүчөлөрү үчүн; качкындар, Кыргыз Республикасында башпаанек издеген адамдар жана кайрылмандар, убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана чет өлкөлүк студенттер.
-Медициналык камсыздандыруу (ОМС) кандай кепилдик берет:
-медициналык кызматтардын базалык пакетин акысыз алууга;
-лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдүн кошумча пакетин акысыз алууга;
-жеңилдетилген дары-дармектерди 50%га чейин алууга;
-ооруканага дарыланууга барганда кошумча төлөмдөн жеңилдик алууга.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда катталган медициналык жактан камсыздандырылган жарандар дарыгердин кабыл алуу/кароосу жана консультация берүүдөн башка дагы
12 базалык лабораториялык изилдөөлөрдү акысыз ала алат, булар:
-кандын жалпы анализи (гемоглобин, лейкоциттер, эритроциттердин чөгүү ылдамдыгы);
-зааранын жалпы анализи жана заара чөкмөсүнүн микроскопиясы;
-уретрадагы мазоктун микроскопиясы (заара чыгаруучу каналдын (уретранын) микрофлорасынын курамын аныктоо, ошондой эле трихомонад жана гонококк сыяктуу бир катар спецификалык козгогучтарды аныктоо);
-вагиналдык мазоктун микроскопиясы;
-какырык анализи (мазок микроскопиясы);
-кандын сывороткасындагы глюкозаны аныктоо;
-заарадагы глюкозаны аныктоо;
-кандын сывороткасындагы жалпы холестеринди аныктоо;
-электрокардиограмма;
-кандагы гликирленген гемоглобинди аныктоо (кант диабети менен ооруган пациенттерге – жылына 1 жолу);
-грам боюнча түсүн өзгөртүү методу менен бактериурияга зааранын анализи (кош бойлуу аялдарга биринчи үч айлыкта);
-18 жашка чейинки балдардын көрүү курчтугун өлчөө.
Кошумча лабораториялык изилдөө (42 изилдөө)
Лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдүн кошумча пакети:
гематологиялык:
-кандын жалпы анализи (гемоглобин, эритроциттер, лейкоциттер, түстүү көрсөткүч, гематокрит, ретикулоциттер, тромбоциттер, эритроциттердин чөгүү ылдамдыгы);
-кандагы ретикулоциттерди эсептөө;
-кандагы базофилдик дан түрүндөгү эритроциттерди эсептөө;
-безгекке изилдөө жүргүзүү (“калың тамчы”, кандын мазогу);
кан уюу системасы:
-кандын уюу убактысын аныктоо;
-кан агуу убактысын аныктоо;
-протромбиндик убакытты аныктоо;
-кан плазмасында тромбин убактысын аныктоо;
-кан плазмасында фибриногенди аныктоо;
-кан плазмасында активдештирилген жарым-жартылай плазмалык тромбопластин убактысын аныктоо (АЖПТ);
жалпы клиникалык:
-Зимницкий боюнча заара анализи;
-Нечипоренко боюнча заара анализи;
-заарадагы суткалык протеинурияны аныктоо;
-БКга какырыктын бактериоскопиясы (кургак учукка какырыктын анализи);
-урогениталдык мазокту жалпы клиникалык изилдөө;
-заңды изилдөө (копрограмма);
-заңда жашыруун канды аныктоо;
биохимиялык:
-кандын сывороткасындагы жалпы билурубинди аныктоо;
-кандын сывороткасындагы түз билирубинди аныктоо;
-кандын сывороткасындагы тимол үлгүсү;
-кандын сывороткасындагы жалпы белокту аныктоо;
-кандын сывороткасындагы альбуминди аныктоо;
-кандын сывороткасындагы креатининди аныктоо;
-кандын сывороткасындагы мочевинаны аныктоо;
-кандын сывороткасындагы аланинаминотрансферазды (АлТ) аныктоо;
-кандын сывороткасындагы аспартатаминотрансферазды (АсТ) аныктоо;
-кандын сывороткасындагы темирди аныктоо;
-кандын сывороткасындагы калийди аныктоо;
-кандын сывороткасындагы кальцийди аныктоо;
-кандын сывороткасындагы магнийди аныктоо;
-кандын сывороткасындагы натрийди аныктоо;
-кандын сывороткасындагы заара кислотасын аныктоо;
иммунологиялык методдор:
-кан сывороткасындагы “О” антистрептолизинди аныктоо;
-кандын сывороткасындагы С-реактивдүү белокту (СРБ) жарым сандык/сапаттык жактан аныктоо;
-кандын сывороткасында бруцеллезге Хеддельсон реакциясын коюу;
-кандын сывороткасында бруцеллезге Райт реакциясын коюу;
– кандын сывороткасында HBs-Ag аныктоо (В гепатитинин вирусунун үстүртөн алынган антигени);
– сифилиске микрореакция (RPR-тест), кандын сывороткасында Вассерман реакциясын коюу;
инструменттик:
– флюорография;
-эзофагогастродуоденоскопия;
-ультра үн изилдөөсү (ички органдарды, жамбашты жана бездерди);
-рентгенография (көкүрөк клеткасынын, ич көңдөйүнүн органдары, сөөктөр жана жумшак ткандар)

-Полистин жарактуу мөөнөтү кандай болот?
-ММК Полисинин иштөө мөөнөтү ММКга төгүм төлөгөн күндөн тартып 5 күндөн кийин күчүнө кирет жана 12 календардык айга жарактуу болот.

-Полисти жарым жылга (6 айга) алса болобу?

-Кыргыз Республикасынын жарандарына болбойт, мындай мүмкүнчүлүк чет өлкөлүк жарандарга каралган.

-Камсыздандыруу макамы кайсыл учурда токтойт?

-Жарандардын медициналык камсыздандыруу макамы иштеп жаткандар үчүн иш берүүчү тарабынан акыркы камсыздандыруу төлөмдөр токтотулгандан кийин, үч (3) ай ичинде жарактуу болот.

-Жарандарыбыздын стационардык жана амбулатордук деңгээлде медициналык-санитардык жардамдарды алуудагы укуктары туурасында айтып берсеңиз?
-ММК фондунун “Шыр байланыш -113 кыска номери” аркылуу бизге байланышып, Мамлекеттик кепилдиктер, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасындагы дары-дармек менен камсыздоодогу жеңилдетилген рецептер боюнча жана башка суроо-талаптарга жоопторду жана кеңештерди алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Андыктан жаран үй-бүлѳлүк дарыгерине камсыздандырылган экенин далилдеген документти кѳрсѳтүп кайрылат. Үй-бүлѳлүк дарыгер карагандан кийин зарыл болсо ага тийиштүү дары-дармекти ММК электрондук рецептин жазып берет. Толтурулган электрондук рецепт шыр эле дарыкананын маалымат базаларына келип түшөт. Жарандар өзүнүн атына дары-дармекке болгон электрондук рецептин номери жана паспорту менен дарыканадан жеңилдетилген дарыларды ала алышат. Дарыканага кайрылганда жарандар тѳмѳнкүлѳрдү билиши керек: дары-дармектин наркын, ММК фонду төлөп бере турган сумманы жана жаран өзү төлөй турган сумманы.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *