Абдилаким Абдуллаев-Баткендин белгилүү хирургу

Соц.тармактарда бөлүшүү

Абдилаким Абдуллаев- Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын хирургу. Өз ишине так, дайыма медициналык билимин өнүктүрүп, тажрыйбасын арттыруу максатында чет өлкөлөргө чейин барып келген мыкты дарыгер. Чек ара жаңжалдарында жарадар болгон жоокерлер менен жарандарды кирпик какпай операция кылып турган мындай дарыгерлердин ошондогу эмгектери чын эле баатырдыкка тете десек жаңылышпайбыз. Кар кетип, из жоголгон менен бычак мизинде турган өмүрлөрдү сактап калган мындай эмгектер эч качан унутулбайт.

Ошол оор күндөрдө Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн жарыгы өчкөн жок. Абдулаким Абдуллаев баш болгон дарыгерлер октон жарат алган жоокерлер менен жарандарды биринин артынан бирини кабыл алып жатышты. Мындай кырдаалда Бишкектен дагы дарыгерлер жардамга келишип, оор жарат алгандарды Бишкекке жөнөтүп жатышты. Өмүр менен өлүмдүн ортосунда арачы болуу оңойбу. Он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек жаш жигиттердин канчасы дал ушул биз сөз кылып жаткан жаш хирургдун колунан дабаа таап азырга чейин алкыштарын айтып келишет.


Биз Баткен облустук биргелешкен оорукананын чакан бөлмөсүндө дарыгер менен жай баарлашып отурдук. Өз ишинин устаты, хирург Абдулаким Абдуллаев 2000-жылдарга чейин борбордук ооруканаларда практикадан өткөндүгүн, Баткен өзүнчө облус болуп түзүлгөндөн кийин бул жакка жөнөтүлгөндүгүн шашпай айтып берип отурду.
-Дарыгер болуу жеңил эмес, өтө жооптуу бул кызматта ката кетирбөө керек. Ошондуктан көптү билсең да, көп окушка туура келет. Мен бул кесипти тандаганыма өкүнбөйм. Бир жарым ай Америкадан барып, кийин Москвадан билимимди өркүндөтүп, тажрыйба топтоп келдим. Дагы эле болсо саламаттыкты сактоо тармагындагы дарылоонун жаңы технологияларын окуп турам дейт. Чынында эле көп жылдар бою биргелешкен ооруканасынын хирургия бөлүмүнү жетектеген дарыгер Баткен облусундагы эл урматтаган мыкты хирург катары белгилүү. Жөнөкөй, өз ишине так А.Абдуллаев мындай эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлык КР Президетинин Ардак грамотасын алган.
Учурунда жаш болсо да, баш болуп көп жылдар бою бөлүм башчылык кылып келген А.Абдуллаев облустагы медицина тармагынын көйгөйлөрүн да жакшы билет. Кезегинде Баткен райондук ооруканасынын базасында түзүлгөн. Баткен облустук биргелешкен ооруканасын кеңейтүү жана жаңылоонун да зарылдыгын айтып берди. Облус эки республика менен чектешкен өзгөчө стратегиялык аймак болгондуктан аскерлер, облустук мекемеге келип иштеп жаткан кызматкерлердин эсебинен калктын саны дагы өскөн. Жарым миллиондон ашык калкы бар өрөөнгө бардык шарттары бар, жаңы медициналык шаймандар менен камсыздалган оорукана өтө зарыл болуп турат, – дейт.
Баткен облусу Бишкектен 1000 чакырым алыс жайгашкандыгын жана борборго барып дарыланып келүү үчүн бөөдө убакыт көп каражаттардын керектелээрин эске алсак, Абдулаким Абдуллаевдин айткандары жөндүү.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *