Алия Жамантаева: «Аткаруучулук өнөр мага ата-энемден берилген»

Соц.тармактарда бөлүшүү

Алия Жамантаева, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти: «Аткаруучулук өнөр мага ата-энемден берилген»

 Алия Жамантаева – Баткенге таанымал эл сыйлаган таланттардын катарында келе жаткан көп кырдуу талант ээси. Баткен облусунун маданиятынын өнүгүшүнө өзүнүн зор салымын кошуп келет. Учурда Баткен облусундагы Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драм театрда музыкалык бөлүм башчы кызматын аткарат. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Маданияттын мыктысы, Президенттин Ардак грамотасы жана башка көптөгөн сыйлыктарды алган, ырчы, дастанчы жана комузчу Алия Жамантаева менен өмүрү, чыгармачылыгы жана маданият тармагындагы такшалган бай тажрыбасы тууралуу маек курдук.

 

– Алия Абдибааповна, алгач өзүңүз тууралуу маалымат алсак..?

– Биз үй бүлөдө алты бир тууганбыз. Мен алты кыздын бешинчисимин. Баткен районунун Кара-Булак айылында 1966-жылы өнөр адамынын үй бүлөсүндө туулганмын. Атам ырчы дастанчы жана комузчу Абдыбаап Жамантаевдин кызы болом. «Өнөрлүү элдин кишиси» демекчи, атам акыркы демине чейин эл алдында ырдап жүргөн ырчы болгон. Ал Секетбайлардан тарта, кыргыздын «Курманбек», «Жаныш-Байыш», «Жоодарбешим», «Саринжи-Бөкөй», «Аксаткын менен Кулмырза» кенже эпосторун эргий айтып, элдин черин жазчу. Акезде Кара-Булак айылында бирин-серин гана патефон болбосо, радио, телевизор дегендер жок эле. Ошондо эл эрмеги атам болгон. Атам комуз эле эмес, дутар, ооз комузду да чебердик менен ойноп, уккандардын кулак кычуун кандырчу. Кыштын узак түндөрүндө жапыс тамына айылдаштары шыкаалап астанасына чейин минип калышчу эле. Эл ыр, дастандарды кумарлана укканына атам маңдайынан тери шорголоп, төгүп-төгүп ырдаганына сүйүнчү. Жарыктык атам уулум жок дебеди. Биздин үйдө жалаң кыздар болгондуктан, бизди атам «алты кызым, алты шуру мончокторум» деп эркелетчү.

Ал эми апам Айкан өтө кичи пейил, жароокер, жүзү ачык, күлүп-жайнаган мээримдүү жан эле. Апам элдик жомокторду, макал-лакаптарды ийине келтирип айта билчү сөз чебери болгон. Биз алтообуз тизилип отуруп, апамдын айткан кызыктуу, сыйкырдуу жомокторун, угуп чоңойдук.

 

– Демек сиздин да өнөр адамы болуп калышыңызга ата-энеңиздин таасири тийген турбайбы?

– Ооба, аткаруучулук өнөр мага ата-энем тарабынан берилген. Атам да, апам да өнөрдү баккан, искусствону жакшы түшүнгөн адамдар. Кичинемден ыр, дастан, жомоктор менен чоңойдум.

Атам Абдыбаап өзү изги өнөрүн негизи атасы Жамантайдан мурастап алган экен. Ал эми атамдын кыздары да баарыбыз, ата кесибин аздектеп, комузчулук өнөргө жакын болуп, комуз менен дутардын кылдарын кыңылдатып ырдай баштадык. Бир туугандарым Бактыгүл, Данагүл, Бурулай, Айсалкын жана Калыя алтообуз тең ата мурас өнөрүнө ыктаганыбызды атам өз көзү менен көрүп, көңүлү толду.

Учурда атанын алты шурусу бири-бирине өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп, ата мурас өнөрлөрүн таштап коюшкан жок. Учуру келип калса, эл алдына чыгып ырдап жүрүшөт.

 

– Айтсаңыз, ыр дүйнөсүнө дагы да сүңгүп кириш үчүн кандай аракеттерди көрдүңүз?

Жакшы суроо болду. Мен ыр дүйнөсүнө сүңгүп кириш үчүн бош убактымдын көбүн комуз үйрөнүп, изденүүгө арнадым. Ар бир обончунун алтүгүл ар бир ырдын башкасына ички ыргагы, мукамы, ырдоо ыгы жагынан айырмалана тургандыгын эрте баамдадым. Окуучу экендигиме карабай чоң ырчылардын көбү даай бербеген Түгөлбай Казаковдун белгилүү ыры «Насыйкатты» ырдап чыктым. Аталган ырды райондук сынакта аткарып, облустук сынакка катышууга жолдомо алдым. Ошентип окуучулук кезимден эле «Ырчы кыз» деген баага татыдым. Мектепти бүтөөрүм менен эле 1983-жылы эч жакка кылчайбастан, туптуура Ош мамлекеттик мугалимдер институтунун музыка факультетине тапшырдым. Бири-биринен кескин айырмаланган эки аспапты ойной билүү гана эмес, музыканын теориясын мыктылап өздөштүрүүгө кызыгып, институттагы гана эмес, шаардагы ар кандай деңгээлдеги чоң концерт, салтанаттарда ырдап, тажрыйбамды байыта бердим.

1987-жылы колума диплом алгандан кийин мектептерде музыка сабагынан билим берип жүрдүм. Ошондо мен дагы музыкага кызыгып, аккардеон, комузду үйрөнүүгө ынтызар болуп, айылда Турган Эшалиева музыка мугалиминен сабак алдым.

Андан кийин Баткен райондук маданият бөлүмүндө иштеп жүрүп, Заирбек Султанов, Апаз Жайнаков, Саламат Садыкова сыяктуу залкарлардын таасиринен улам, мен да алардын шакирти болуп калдым.

Соңку жылдары жалаң гана ырчылык өнөр менен алектенбей, Баткен музыкалык драма таетры ачылгандан бери мындагы фольклордук топту жетектедим, Учурда аталган театрда музыка бөлүмүн жетектеп келем. Негизинен элдик оозеки чыгармаларга жакынмын. Барпынын, Токтогулдун санат-насыят ырларын, «Курманбек», «Көксулуу» деген дастандарды ырдайм.

 

 

– Чыгармачылыктан тапкан ийгиликтериңиз менен маегибизди жыйынтыктасак…?

– Менин өнөрүм эл сынагына коер учур институтту аяктап келген мезгил болду. 1987-жылы өткөн республикалык ыр-күү фестивалында А.Бостонкуловдун «Ээрчип кеттиң кара тору бир кызды» ырын чеберчилик менен аткарып, лауреаттык наамга ээ болдум. Репертуарымды көбүнчө элдик ырлар, дастандар менен байытууну көздөдүм. Токтогул, Барпы, Жеңижоктун насыйкат элдик рухту көкөлөткөн ырларды аткарууну жакшы көрөм.

1986-2000-2005-2014-2023-жылдары элиме отчёттук концертимди бергенмин. Изденүү менен жаңычылдыкка умтулуп, улам кийинки угармандардын табитине жараша өсө баштадым.

Маданият тармагында 35 жылдан ашуун эмгектенген жылдар аралыгында изги ийгиликтерге жетишип, көптөгөн облустук, республикалык ыр фестивалдарынын лауреаты болдум. Мындан сырткары «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйландым. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти ардактуу наамын алдым.

Алдыда дагы элим үчүн маданият тармагын өнүктүрүүгө өз салымымды кошо берем деген ойдомун.

 

Гүлчехра Тажибаева, «Баткен таңы»


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *