Курман айтта кандай мал сойбош керек

Соц.тармактарда бөлүшүү

Курман айтта курмандык чалууга тиешелүү маселелер

▪️Курман айт күнү курмандыкка эркек, ургаачысына карабай төө, уй, кочкор, кой, теке, эчки сойсо болот. Мындан башка малдын түрү курмандыкка жарабайт
▪️Майда жандык (кой, эчки) курмандыкка бир адамдын атынан гана союлат
▪️Ал эми бодо малды бир же бир нече (эң көбү жети) кишинин атынан да союуга болот. Эгерде чогулган адамдардын арасынан биринин гана ниети курмандык эмес, башка максатта болсо ал кабыл болбой калат
▪️Ылаңдаган малды союуга болбойт
▪️Курмандыкка союлган малдын этин толук өзүнө калтырууга да, бардыгын таратып жиберүүгө да болот. Бирок этти үчкө бөлүп, бир бөлүгүн өзүнө, экинчи бөлүгүн муктаждарга, үчүнчү бөлүгүн чакырган конокторуна бышырып берсе деле жакшы
▪️Курмандыкка союлган малдын этин сатууга болбойт
▪️Курман айтта колдон келсе жетим-жесир, колунда жокторго жардам бериш керек. Курмандыкка чалынган малдын этинен бөлүшүп, таттуу-тарапа тараткан оң

Эске салсак, Курман айт быйыл 16-июнда белгиленет.

📌Кеңештер муфтияттын адистеринен алынды.

     Спутник 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *