Көз ооруну дарылатпай жүрө берсе, акыры сокурлукка алып келет

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бурулай Асанбаева, Баткен облустук бириккен ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнүн башчысы:

«2-3 жаштагы наристелерге ыйласа эле телефон кармата коюу туура эмес»

 

«Көзүм жакшы көрбөй жатат деп келген бейтаптардан башка илдет аныкталып, тиешелүү дарыгерге жиберген учурлар бар. Адамдар майда деп маани бербеген нерселер да көздүн көрүүсүнө терс таасирин тийгизет», – дейт Баткен облустук бириккен ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнүн башчысы Бурулай Асанбаева.

 

– Картаюуну эске албаганда көздүн начарлоосуна эмне себеп болот?

– Акыркы убакта көз оорулары, анын ичинен миопия (алысты начар көрүү) көбөйүп жатат. Ишибизге жана маалымат алуу үчүн күнүмдүк жашообузда телефон, компьютер, планшетти көп колдонгондуктан көзгө күч келүү күчөдү. Гаджеттен сырткары, азыркы тамак-аштын, экология маселесинин да таасири болууда. Учурда нерв оорулары, кант диабети, гипертониялык илдеттер көп кезигип жатат. Мунун баары айланып келип эле көзгө да терс таасирин берет.

Ошондой эле азыркы күндө көз оорулары жашарып баратат деп айтсак болот. Мурда кары-картаңдарда гана көз коорулары, көздүн көрбөй калуусу кезиксе. Учурда мындай оорулар жаш балдар арасында да көбөйүп бараткандыгы өкүндүрөт.

 

– Демек, көз ооруларынын ичинен бүгүнкү күндө миопия (алысты көрбөй калуу) басымдуулук кылууда деп жатасыз. Ушул туурасында токтоло кетсеңиз?

Көз ооруларынын көптөгөн түрлөрү бар. Анын ичинде кеңири таралганы – миопия, алысты көрбөй калуу. Аталган оорудан жер шарынын миллиардга жакын жашоочусу

жапа чегет.

Көздүн коньюнктивит оорусу көз ооруларынын ичинен 3-орунда турат жана көбүнчө балдарда кездешет. Дартты көзгө кирген вирус, бактериялар жаратат. Көздүн сырты менен сурманын ички жагын кошо каптап турган жука былжыр чел кабык бар. Ал коньюнктива деп аталат. Ошол былжыр кабыктын сезгениши коньюнктивит оорусу болуп саналат. Оорунун курч кармаган жана өнөкөт түрү бар. Эгер ооруну дарылатпай жүрө берсе сезгенүү тереңдейт да, көрүү төмөндөп, акырында сокурлукка жеткирет. Андыктан оору белгилери билинер замат дарылатуу кажет.

 

– Көздүн көрүүсүнө башка оорулар да таасир этеби?

– Ооба, бейтаптар көзүм эле ооруйт, башка жагым соо деп келишет. Бирок көп учурларда бейтапты карап жатканда кант диабети, нерв ооруларын ж.б. көз доктурга келгенде көрөбүз. Мындан улам башка тармактагы дарыгерге текшерилгенге жөнөтөбүз.

Азыр техниканын өнүккөн заманы эмеспи. Бизде учурда көз ооруларын аныктай турган бир катар заманбап аппараттар бар. Бизге кайрылгандарды аппараттар менен текшерип, өздөрүнүн ооруларына жараша дарылай баштайбыз.

Эң негизгиси, көз ооруларын өтүштүрүп жибербеш үчүн ар бир жаран сөзсүз түрдө жылына жок дегенде эки жолу көзүн медициналык кароодон өткөрүп туруу керек. Ошондо ар кандай оорулардын алып, дарылоого оңой болот.

 

– Көз чарчабаш үчүн кандай шартта иштешибиз керек?

– Көз чарчабаш үчүн адам компьютерде отурганда ар бир 20 мүнөт сайын 5 метрдеги аралыктагы объектини 20 секундадай карашы керек. Мындай ыкмада көздүн булчуңдары бир аз эс алып калат. Андан сырткары, ар бир саат сайын адам кыймылдашы керек. Жок дегенде ары-бери басып, суу ичип, эки колун шилтеп, баш, моюндарын кыймылдатып турганы жакшы. Эң жок дегенде тепкич менен өйдө чыгып, ылдый түшүп турганы да пайдалуу. Бөлмөдөгү абаны сөзсүз тазалап туруу керек.

Биз тиктей турган аралык 35-45 сантиметрге чейин болгону дурус. Компьютерде иштегенде андан 50-70 сантиметр, ноутбук болсо – 50 сантиметр, компьютерде 70, монитор чоң болсо бир метр алысыраак отуруш керек.

 

– Гаджеттер, уюлдук телефондордун көзгө тийген таасири боюнча сөз кылсак…

– Телефон, гаджеттерди көп көрүү көзгө зыян экенин баарыбыз жакшы билебиз. Ага карабай өзүбүз эле эмес, балдарыбызга да карматып коёбуз. Жарым же бир саат эмес, күнү-түнү гаджеттен көзүн албай отурган балдар бар.

Телефон, компьютерден чыккан көк түс көздү кургатып жиберет. Норма боюнча бир мүнөттө көздү 18 жолу ирмеш керек. Бирок планшет, телефонду тиктеп отуруп андай кылганды да унутуп калабыз. Мүнөтүнө 3-4 жолу гана ачып-жумган учурда көз кургай баштайт. Бул олуттуу эле оору. Анда көз талып, жаш агып, шамал, ысык-суукту, күндүн нурун такыр эле сүйбөй калат.

Кичинекей балдарга, айрыкча, 2-3 жаштагы наристелерге ыйласа эле телефон кармата коюу туура эмес. Анткени алардын көзүнүн булчуңдары али өнүгө элек болот. Рифтогенези өзүнө келе электе жакын кылып алып көрүшөт да, жыйынтыгында булчуңдарга күч келет. Кийин бала алысты же жакынды көрө албай көз айнек тагынып калат.

Негизи 7 жашка чейинки курактагы балдарга бир күндө ашып кетсе бир же эки саат телефон көрсөтүү жетиштүү. Эки саат тынбай берип койбой, жарым сааттан эс алдырып туруш керек. Бул убакыттан көп болуп кетсе, көздүн булчуңдары чарчайт. Көрүү органдарынын минусу көбөйүп, көзү чалыр болуп да калышы мүмкүн. Баланын көрүү органдарынын минусун 3кө жеткирбеш керек. Бул учурда дарыгерлер коңгуроо кагып, операция жасоого аргасыз болобуз.

Жарыкты өчүрүп коюп телефон, смартфон тиктегенде карек чоңоюп кетет. Көздүн ичине жарык көп кирбеш керек. Мындай учурда көздүн тор кабыгы күйүп калат. Караңгы бөлмөдөн гаджет көргөндөрдүн глаукома дартына кабылуу коркунучу күч. Глаукома – көздүн басымы көтөрүлүп турган оору. Көздүн басымы көтөрүлүп, карек кеңейген боюнча токтоп калышы толук ыктымал. Ошондуктан жарык аз жерден смартфонду тиктебей эле койгон оң.

 

– Көз ооруларын алдын алуу үчүн кандай кадамдарга барышыбыз керек. Адис катары кеңешиңизди бере кетсеңиз?

– Көз ооруларынын алдын алуу үчүн күндөн коргоочу, компьютерге отурганда тагынуучу көз айнектерди колдонуу зарыл. Көрүүнү жакшыртуу үчүн өзүнчө көнүгүүлөрдү жасап туруу керек. Көздү 20 секунд жумуп, терең дем алып, көздү ачыңыз. 10-15 секунд көздү бат-бат ирмеңиз. Көздү жумуп, көз сурмасын манжалар менен акырын басыңыз. Муну 3-4 ирет кайталаңыз. Көздү жумуп, каштардын башталыш жерин акырын басыңыз. Муну да 3-4 ирет кайталайсыз. Экинчиден, өйдөгө, анан ылдыйга караңыз. Оң жакка, анан сол жакка караңыз. Көздү саат жебеси боюнча, анан саат жебесине каршы айландырыңыз. Муну көздү эс алдыруу менен 10 ирет кайталоо кажет.

Компьютер менен иштөөдө көздү убак-убагы менен эс алдыруу, атайын көнүгүүлөрд ү жасоо. Көздү эс алдыруу үчүн маңдайдагы дубалга көз менен сандарды, геометриялык ар кандай фигураларды тартууга болот.

Китепти же дептерди көздөн 35-40 сантиметр алыстыкка коюп окуңуз жана жазыңыз.

Жатып алып же унаада кетип баратып китеп окубаңыз. Унаада смартфон колдонбоңуз, унаа кыймылдап, өйдө-ылдый болгон сайын көзгө күч келет.

 

Гүлчехра Тажибаева «Баткен таңы»


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *