Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан авто унааларды оңдоочу 10 ишкананын 6су текшерүүдөн өттү.
Автоунаалары жол эрежелерин бузуп, кырсыкка кабылган айдоочулар эреже боюнча ЖКККБ инспекторлору тарабынан тактама, жолдомолорду алып, андан соң авто унааларды оңдоочу жайларга барыш керек.
Ошого карабастан айрым айдоочулар тактамасыз, жолдомосуз эле кырсыкка учураган унааларын оңдотуп алышат. Бул боюнча атайын ЖКККБнын Лейлектеги инспекторлору рейд жүргүзүшүп, эки авто унаа оңдоочу жайга айып пул төлөө боюнча протокол толтурушту.