«Жөө басуу – жүрөк кан тамырлар ооруларынын алдын алат»

Соц.тармактарда бөлүшүү

Нурайым Мамасыдыкова Баткен облустук бириккен ооруканасынын кардиолог дарыгери: «Жөө басуу – жүрөк кан тамырлар ооруларынын алдын алат»

«Инсульт менен күрөшүүгө караганда алдын алуу оңой. Андыктан инсульттун алдын алууда биринчи кезекте инсульт коркунучун азайтуу үчүн стрессти азайтуу зарыл. Ошол эле учурда артериялык басымды көзөмөлдөп, дарыгер жазып берген дарыларды өз убагында такай ичип туруш керек. Мындан сырткары үзгүлтүксүз спорт менен машыгып, кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөп, ашыкча салмакка жол бербей, туура тамактанып, туз пайдаланууну чектөө зарыл. Майлуу, куурулган тамак, ышталган азыктар, кант жана таттууларды пайдаланууну азайтыңыз. Жашылча-жемиштерди жеп, физикалык активдүүлүктү күчөтүп, жөө басууну салтка айлантыңыз», -дейт Баткен облустук бириккен ооруканасынын кардиолог дарыгери Нурайым Мамасыдыкова.

 

-Нурайым Мамасыдыковна, алгач, инсульт оорусу тууралуу маалымат бере кетсеңиз..?

– Инсульт – бул жүрөккө же мээге келүүчү кандын агымына тоскоолдук жаралып, кан тамырлардын бүтөлүшү.

Инсульт колу-буттардын шал болуусуна, сүйлөө, көрүү жана эске тутуунун, кыймылдын координациясынын бузулушуна, майыптыкка, оор учурларда өлүмгө алып келет.

Кан тамырлардын тромбго бүтөлүп калышы менен коштолгон ишемиялык инсульт же анын тырышуусу жана кан тамырлардын жарылуусунун жыйынтыгында мээге кан куюлучу геморрагикалык инсультту айырмалашат.

Көпчүлүк учурларда инсульттун себеби артериялык гипертензия, атеросклероз, жүрөк оорусу, кант диабети болуп саналат.

Инсульттун өнүгүү коркунучу жогорку артериялык кан басым, ашыкча салмак, физикалык активдүүлүк төмөн болгон учурда, тамеки чегүү, алкоголь ичимдиктерин ашыкча ичүүдө, эмоционалдык чыңалуу жана стресстерде жогорулайт.

 

– Инсульттун кандай түрлөрү бар?

– Ишемиялык инсульт сутканын бардык мезгилинде кармай берет, кээде акырындап башталат: адегенде колу, анан бир жак бети шал болот, андан кийин сүйлөй албай калат. Инсультту неврологиялык ооруканада дарылоо жакшы натыйжа берет. Үй шартында

оорулууну дарылоо жана кароо, ошондой эле күчүркөнүүдөн сактоо өтө кыйын. Оорулуу ооруканадан чыгып келгенден кийин жакшылап кароо талап кылынат.

Геморрагиялык инсульт же мээге кан куюу – бул бир же бир нече кан тамырлар жарылып, мээ ткандарын канга толтуруп, аны муунтуп жибергенде пайда болуучу мээ кан тамырларынын кырсыкташынын түрү. Бул зыянга баш сөөктүн ичине кандын топтолушуна алып келиши мүмкүн болгон кысымды кошуу керек. Алар мээде гана эмес, ошондой эле мээ кабыкчасынын деңгээлинде жана мээ карынчаларында болушу мүмкүн.

Геморрагиялык инсульттун ар кандай түрлөрүн табууга болот, бул ар кандай кырдаалда келип чыгышы мүмкүн.

 

– Акыркы мезгилде бул оору жашарып баратканы айтылып келет. Анын себеби эмнеде болушу мүмкүн?

– Туура айтасыз, учурда инсульт жашарды. Мурда 60 жаштан жогорку адамдар гана ооруса, учурда 20 жаштан жогоркулар деле ооруп жатышат. Буга учурдагы жашообуздагы көрүнүштөр себеп болууда. Анын эң биринчиси стресс. Стресс кан басымдын көтөрүлүшүнө алып келет. Кан басымы көтөрүлгөндө, холестерин да көтөрүлөт. Холестерин көтөрүлгөндө кан тамырлар ичкерип же жүрөккө, же мээге инсульт берет.

Бейтаптар көпчүлүк учурда ооруну өткөрүп жиберип анан дарыгерге кайрылышат. Андыктан мен айтаар элем, биздин жарандар убагы менен үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылып, көзөмөлдөн өтүп туруусу зарыл. Бизде көп учурда кан басым жогорулап кеткенине маани бербей жүрө беришет. Жогорку кан басым менен жүрө бергендер ага көнүп калып качан гана инсульт болуп калганда билишет.

 

– Инсульттан айыкса болобу. Айтайын дегеним, инсульттан кийинки жашоо тууралуу да токтоло кетсеңиз?

– Инсульт оорусу менен айыкса болот. Инсульттун натыйжасында толугу менен өлүп калган мээ клеткалары жаңыланып, кайра жарала албайт. Бирок, гипоксия дайыма эле өлүмгө алып келе бербейт – аман калгандар бир нече убакыттан кийин кадимки жумушка кайтып келишет. Мындан тышкары, мээ жогорку пластикалуулугу менен мүнөздөлөт – бул дени сак клеткалар инсульттан кыйраган адамдар тарабынан аткарылган милдеттерди жарым-жартылай аткара алат дегенди билдирет.

Баса белгилеп кетчү жагдай, гипертония менен ооругандардын инсульт алуу коркунучу 3-4 эсе жогору. Ошого удаа эле инсульттун кайталануу коркунучу да бар. Эгерде атайын дары-дармектер, жаңы тромболитиктер бар, алар инсульттан кийин алгачкы 4 саатта берилсе, анда бейтаптын аман калуу жана майып болуп калбоо мүмкүнчүлүгү жогору.

Мындан тышкары инсульттан кийинки реабилитация да маанилүү фактор болуп саналат.

 

– Инсульттун алдын алуу максатында эмне кылуу керек?

– Инсульт менен күрөшүүгө караганда алдын алуу оңой. Мисалы, ар бир жаран эркекпи, аялбы 40 жаштан өткөндөн кийин өзүнүн ден соолугу үчүн бир жылда эки жолу текшерүүдөн өтүп туруш керек. Ошондо кандай оорулары бар экендиги аныкталып диагноз коюлат да, ар кандай оорунун алдын алууга болот. Андыктан инсульттун алдын алууда биринчи кезекте инсульт коркунучун азайтуу үчүн стрессти азайтуу зарыл. Ошол эле учурда артериялык кан басымды көзөмөлдөп, дарыгер жазып берген дарыларды өз убагында такай ичип туруш керек. Мындан сырткары үзгүлтүксүз спорт менен машыгып, кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөп, ашыкча салмакка жол бербей, туура тамактанып, туз пайдаланууну чектөө зарыл. Майлуу, куурулган тамак, ышталган азыктар, кант жана таттууларды пайдаланууну азайтыңыз. Жашылча-жемиштерди көп жеп, физикалык активдүүлүктү күчөтүп, жөө басууну салтка айлантыңыз. Анткени жөө басуу стресстен арылтып, кан басымды жөнгө салат жана гипертония, жүрөк кан тамырлар ооруларына кабылуу коркунучун азайтат. Жок дегенде күнүнө 30-40 мүнөт жөө басуу зарыл.

Эгерде Сизде гипертония оорулары, жүрөк оорусу, кант диабети бар болсо – жашаган жериңиз боюнча дарыгердин көзөмөлүндө болуңуз. Дарыгердин сунуштарын так аткарып, дарыларды үзгүлтүксүз ичиңиз.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *