Айдарали Айтматов элеттик айкелчи. Эс тартканча атасы менен мал багып, орто мектепти бүткөндөн кийин, эңсеген кесибине ээ болду. Тагдырдын буйругуна жараша элдин агымы менен Москвага барып, далай орус скульпторлорун өз чеберчилиги менен таң калтырган Айдаралы Айтматовду көптөр биле бербейт болуш керек.
Биздин каарманыбыз Москваны эле эмес, Орусиядан келгенден кийин Баткендеги белгилүү 20 дан ашык инсандардын айкелин ийнине жеткире жасап тарыхта калды.
“Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт” дейт эмеспи сөз баккан элибиз. Каарманыбыз да Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон, эмгеги сиңген инсандардын элесин түбөлүк калтырууну эңсейт. Алдыда кыргыз маданиятына өзгөчө салым кошкон скульптор жана сүрөтчү, Баткен облустук сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Айдарали Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен таанышабыз.
Тоо койнундагы балалык
Айтматов Айдарали Мамажунусович, 1961-жылы 10-октябрда Баткен районунуна караштуу Бужум айылында койчунун үй-бүлөсүндө туулган. Көп балалуу үй-бүлөдө тагырагы 8 бир туугандын 2-перзенти. Айдарали Айтматов балалыгын тоо койнунда, жайлоолордо, кыштоодон-кыштоого, жайыттан-жайытка көчүп конуп өткөргөн. Атасы колхоздун койчусу, апасы болсо түрдүү-түстөгү жиптер менен кооз оймо-чиймелер салынган жастык-балыштарды жасап, көшөгө, шыптык, туш кийиздерди сайма менен сайган, түрдүү килемдерди токуй билген уз чебер, саймачы болгон. Каарманыбыздын айтуусунда дал ушул сүрөтчүлүккө кызыгып калуусуна апасынын таасири чоң. “Мени апамдын сайган саймалары, оймо-чиймелүү килемдери ар дайым өзүнө тартчу, кайдыгер калтырчу эмес. Ошолорго суктанып кызыкчумун. Апамдын жанынан чыкчу эмесмин. Ошол кооздуктарды кездемеге, кийиздерге, килемдерге түшүрүүгө көмөктөшчүмүн”.
Атасын ээрчип тоо-таштарда мал багып жүрүп, аска таштардагы байыркы петроглифтер, тоо-текелер, аркар, кулжа жана башка ушул сыяктуу кылым каарыткан таштагы жазуулар чоң таасир калтырган. “Мен дагы ошол таштарга өз заманымдын адамдарын, алардын турмушун чагылдырган элестерди калтырсам”, – деп кыялданат.
Т.Садыковдун шакиртимин (Кесиптик жолдун башталышы)
1978-жылы Бужум орто мектебин бүтүрүп, өнөрүн өркүндөтүү максатында жогорку окуу жайга аттанат. “Борбор шаарыбыз Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайына (ФХУ) тапшырдым. Бирок, бул окуу жайга кабыл алуу 1 ай мурда бүтүп калган экен. Ошого байланыштуу мен окууга тапшыра албай калып, айылга баруудан намыстандым. Фрунзеде калууну чечтим. Июль айларында мен скулпьтор Т. Садыковдун көркөм сүрөт өнөрканасында шакирт болуп иштеп калдым. Бул мен үчүн өтө чоң сыймык болгон. Мен ал кишинин жанында 2 жыл жүрүп көптөгөн айкел жасоонун сырларын үйрөндүм, такшалдым” – дейт.
Жогорку билим алуу каалоосунан баш тарткан эмес, 1980-жылы С.А.Чуйков атындагы (КГХУ) көркөм сүрөт окуу жайына тапшырат. Окуп жүрүп, 2 жыл Советтик Армиянын катарында кызмат өтөйт. Ошентип, 1986-жылы окуу жайды аяктап, өзү туулуп өскөн Баткенге келип, көркөм сүрөт мектебинде иштеп баштайт.
Чет өлкөдөгү тажрыйба
2000-жылдар жалпы эле кыргыз элинде экономикалык кыйын, оор абал болгон. Турмуш шартына байланыштуу Айдарали Айтматов да үй-бүлөсүн каржылоо үчүн Москвага жөнөйт. Бөтөн эл, бөтөн жерде алгач көчө шыпырып иштеп баштайт. Бирок Кудай деген кур калбайт эмеспи, орустун улуу актёру “Белое солнце пустыни” аттуу фильмдеги каарман “Саиддин” ролун аткарган Спартак Мишулин менен таанышып калат.
Ал таланттуу сүрөтчүнү баалап, Москва шаарындагы “Эрмитаж” театрына сүрөтчү-бутафор кесибине орноштурат. Ал жерде 4 жыл эмгектенип, көптөгөн спектаклдерди кооздоого катышат. Ошол мезгилде Москвадагы чоң театрда коюлган режиссёр Андрис Лиеранын “Синий Бог” операсын көркөмдөө ишинде жардамчы болот. Мындан сырткары Москадагы борбордук ЦУМ магазинин да кооздоо иштеринде салымы бар. 2008-жылы Москвадагы Домодедово эл аларык аэропортуна “Генеш” аттуу индия скульптурасын чагылдырган айкели коюлган. Ал бүгүнкү күнгө чейин ордун жоготпой, ошол жерде турат.
Мээримге толгон алгачкы эмгек
Мектеп курагында эле Баткендин Туура-Таш жайлоосунда тоолордун бирине “Курманбек баатырдын” элесин таш менен чегип түшүрөт. Бул элес азыр да ошол жерде турганын айтып жүрүшөт жергиликтүү малчылар.
8-класста окуп жүргөн Айдарали Айтматов бор таштар менен “Эне” деп атап алган алгачкы айкелин жасайт. Эл алдына алып чыккан алгачкы эмгегин “Мээрим” деп атаган. Бул эне менен баланын ортосундагы сүйүү, энелик мээримди, жылуулукту чагылдырат. Бүгүнкү күндө да бааланып, Баткен шаарына коюлган.
Эл мыктыларынын элеси түбөлүк калуусун эңсейм…
Каарманыбыз өз чыгармаларында элдин эртеңи үчүн күйгөн, жан үрөп кызматын кылган ишмерлерибиздин, согуш ардагерлеринин, спорт маданият тармагында жемиштүү иштерди жасап кеткен залкарларыбыздын портреттерин жасоого жан үрөйт. Алардын элесин келечек муун унутуп калбастан, жасап кеткен иштерин баалап, үлгү алып эстеп жүрүшсө дейт.
Сап башында Искак Разаков, Жусуп Абдырахманов сыяктуу өлкөбүзгө күйгөн, түптөлүшүнө зор салым кошкон чыгаандарыбыздын айкелдерин жасаган.
Чыгармаларын сатканды чыгармачыл адам деп эсептебейм…
Айдарали Айтматов эч качан сатып, акча табуу үчүн чыгарма жараткан эмес. Ал өз эмгектерин эртеңки муун үчүн жасап келет. Анын эмгектери Гапар Айтиев атындагы мамлекттик көркөм сүрөт музейинен орун алган. Баткен шаарындагы “Айг\л-Тоо” тарыхый-маданий музейинде өзүнчө бөлмө ажыратылып, Айдарали Айтматовдун иштери жайгаштырылган.
Көп кырдуу талант, талыкпаган жетекчи..
Талант жугат дейт эмеспи. Анын сыңарындай Айдарали агайдын эмгек жолунун да учу кур эмес. Ишин улантчу уул-кыздары, тарбиялаган шакирттери бар экенин баяндап берди:
-“Кесибимди кичине уулум Камчыбек улады. Азырынча эл алдына иштерин чыгара элек. Келечекте жакшы чыгармаларды жаратат деп үмүттөнөм. Андан сырткары, чоң кызым Наргиза сүрөттү жакшы тартат. Неберелеримден Алия деген кызым сүрөт тартканга кызыгат”.
Ал эми, тарбиялаган окуучулары Дастан Пазылов Астана шаарына “Манастын” эстелигин тургузган. Абдисапар Калматов -скульптор, Нурлан Жороев -керамик. Дагы башка көптөгөн окуучулары ишин улантып, өз эмгектерин жаратууда. Агай ар дайым аларды колдоп, билгенин үйрөтүп, ар бир ийгилиги менен сыймыктанып келет.
Скульпторлуктан сырткары живопись менен да шугулданат. Колдору бир гана сүрөтчүлүк-скульпторлукка гана көнбөстөн, темир устачылыгы, жыгач устачылыгына да жөндөмдүү. Уюштуруучулук сыпаттарым да бар деп айтып калат. Дал ушул сыпатынын арты менен Баткен Сүрөтчүлөр союзун түптөгөн.
“Кыргызстандын 7 облусунун ичинде бир гана бизде Сүрөтчүлөр союзу түзүлбөптүр. Мен райондун, облустун ар кайсы жерлериндеги сүрөтчүлөрдү алымдын жетишинче топтоп, Сүрөтчүлөр союзун түзүүнү сунуштадым. 2022-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр Союзуна мүчө болуп кабыл алындык. Баткен облусунун Сүрөтчүлөр союзу түптөлдү. Ага 10 сурөтчү катталды. Элеттик сурөтчөлордү колдоодо КР Сүрөтчөлөр союзунун төрагасы Ж.Жунушев зор эмгек жасады. Мен муну баса белгилеп кетпесем болбойт”.
Сүрөт музейин ачсам дейм…
“Менин азыр бирден-бир максатым Баткен облустук көркөм сүрөт музейин ачуу. Жаштарды тарбиялоодо сүрөт маданияты боюнча артта калбашыбыз керек. Президентибиз да Кыргызстан Баткенден башталат деп айтып өттү. Азыр облуста сүрөт искусствосун, этно-музей, тарых музейлерин түптөө зарылчылыгы жаралып турат”. Баткен элинин маданиятын көтөрүү менен кыргыз мамлекеттүүлүгүнө аз да болсо салым кошсом деген максатым бар” – деди Айдарали Айтматов.
Хафиза Сыдыкова, Баткен району