Бүгүн, Кызыл-Кыя шаарында БатМУнун М.М.Тайиров атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институтунда, бүтүрүүчүлөр аземи, ачык эшиктер күнү болуп өттү. Ошондой эле бул күнү аталган окуу жайда бир катар ачылыштар камтылган саамалыктар жаралды. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо кызматы билдирди.
Маалымат ылайык, БатМУнун М.М. Тайиров атындагы Кызыл-Кия гуманитардык педагогикалык институтунда, бүтүрүүчүлөр аземи, ачык эшиктер күнү жана майрамдык кече болуп өттү.
Ага шаар мэри А.Маткалыков катышып, куттуктоо сөздөрүн айтып, келечек муунду тарбиялоодо кошкон салымдары үчүн жана кызматтык милдеттемелерин так аткарган кызматкерлерге Ардак грамоталарын жана Ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
Ошого удаа эле жогорку квалификациялуу кадрларды даярдап келе жаткан окуу жайдын ректору, профессор А.Т.Гыязовду “Кызыл-Кыя шаарынын 125 жылдыгы” юбилейлик төш белгиси менен сыйлады.
Иш-чара концерттик программа менен коштолду.
Ушул эле күнү БатМУнун М.М.Тайиров атындагы Кызыл-Кия гуманитардык педагогикалык институтунда LED экраны менен чоң конференц залдын жана китепкананын, илим изилдөө борбору, Ч.Айтматов, Э.Эрматов кааналарынын расмий түрдөгү ачылышы болуп өттү.
Ошондой эле, БатМУнун жаратылышты пайдалануу жана жаңы технологиялар илим изилдөө институтунун директору ф.-м.и.д., профессор М.М.Тайировдун каанасынын ачылышы, ферганалык кыргыздардын маданияты, тарыхы, тили илимий борбору ачылды.
Эске салсак, өткөн жылы БатМУ КГПИге физика-математика илимдеринин доктору, профессор Тайиров Миталип Муратовичтин ысымы ыйгарылган.
Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту 1997-жылы профессор М.М.Тайировдун демилгеси менен Ош мамлекеттик университетинин окуу-консультациялык пункту катары уюшулган. Окуу жай Кыргызстандын түштүк-батыш чөлкөмүндөгү илим изилдөө иштерин, билим берүү тармагын өнүктүрүүдө зор мааниге ээ экендиги талашсыз.
Миталип Муратович өз кезегинде жаңыдан түзүлгөн жогорку окуу жайынын материалдык-техникалык базасын толуктоо, профессордук-окутуучулук курамды чогултуу жана китепкана фондун түзүү сыяктуу бир топ көйгөйлөрдү чечип, бүгүнкү күнгө чейин КГПИнин өсүп-өнүгүүсү үчүн жан үрөп эмгектенүүдө.