Кишимжан Кыдырова мамлекеттик мыкты кызматкер

Соц.тармактарда бөлүшүү

Арабызда жигиттерден кем калбай, ашса-ашып, эл үчүн, өлкө үчүн эмгек өтөп келген мыкты айымдарыбыз бар. Алардын бири Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин орун басары Кыдырова Кишимжан Абдыкадыровна жөнүндө кеп кылганы турабыз. 42 жылдык эмгек жолунун 27 жылын мамлекеттик кызматта өткөргөн бул айым шарты катаал, чек арага чектеш жайгашкан Баткен районунун социалдык өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошту.

 

Өзү филолог жана журналист кесиптеринин ээси. 1988-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факултетин аяктагандан кийин чыгармачылыкка жакын кээде чоң дастандарды да ийине жеткире ырдап, коомчулукка кеңири таанымал болгон Кишимжан Абдыкадыровна гезит журналдарга олуттуу маалыматтарды жазып, журналистикага да жакын болчу. Ошондуктан, окшош эки кесипти бирдей алып жүргөн Кишимжан Абдыкадыровнаны ар тараптуу таланттуу айым деп да коюшат.

Кезегинде Баткен облустук маданият башкармасынын башчысы кызматында иштеп турганда жаш административдик аймактын маданият тармагын өнүктүрүүгө да өз салымын кошту. Ушундан улам эл арасында мыкты уюштургуч жана сахна чебери катары оозго алынган, Кишимжан Абдыкадыровна Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин орун басары кызматына дайындалат. Жооптуу, ары сыймыктуу бул кызматты тажрыйбасы мол, тармакты жакшы билген адис катары камчы салдырбай иштеп кетти.

Баткен Тажик жана Өзбек Республикаларынын бир катар район шаарлары менен чектеш жайгашкан өзгөчө стратегиялык аймак. Буга чейин чек араларда болуп өткөн жаңжалдарды тынчтык жолу менен чечүүдө көп жолу өзүнүн лидерлик сапаты менен өзгөчөлөнгөндүгүнөн элдин алкышына ээ болуп, КР Министрлер кабинетинин, КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары, КР Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы”, КР Маданият министрлигинин “Маданияттын мыктысы”, “КР мамлекеттик кадр кызматынын мыктысы” төш белгилери жана дагы бир топ сыйлыктар менен сыйланган.

Чындыгында Баткен району көп кыйын кырдаалдарды башынан кечирди. 1999-2000-жылдардагы же андан кийинки 2021-2022-жылдардагы чек ара жаңжалдарын эске алсак, аталган өрөөндө иштөөнүн өзү чоң жоопкерчиликтерди талап кылат эмеспи. Ошого карабастан, мырзалардан кем калбай өзүнө тагылган милдеттерди так аткарган айым Баткен районунун социалдык тармактары-билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият тармагынын өнүгүүсүнө көп салым кошту.

Өзгөчө чек ара айылдарындагы мектептердин, бала-бакчалардын, медицина тармактарынын жаңыланышында Кишимжан Абдыкадыровнанын орду бар. Баткен облусуна өзгөчө статус берилип, Президент Садыр Нургожоевдин көзөмөлү менен жаңыдан курулуучу социалдык объектилердин сапаттуу бүткөрүлүшүн жана чек ара айылдарындагы жарандардын туруктуу жашап калышын көзөмөлгө алып, эл менен эриш аркак иш алып баргандыктан, көпчүлүктүн урмат-сыйына ээ болуп келет.

2022-жылдын өзүндө эле чек арадагы айылдарга 4 мектеп, бир бала бакча пайдаланууга берилген. Алар Орто-Боз айылында 150 орундуу жаңы типтүү мектеп Чет-Кызыл айылында 24 орундуу, Чоң-Талаа айылында 34 орундуу бала бакчалары пайдаланууга берилсе, ошол эле 2021-2022-окуу жылында 225 орундуу Газ орто мектеби, 275 орундуу А.Масалиев, Чоң-Талаа орто мектебине 100 орундуу кошумча окуу корпусу жана Кара-Бак башталгыч мектебинин 200 орундуу курулуш иштери бүткөрүлгөн. Ошого удаа эле Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылында Кыргызстан боюнча эё алгачкылардан болуп “Алтын түйүн” Улуттук республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы ачылган.

Кыска аралыктагы мындай тарыхый курулуштар буга чейин болгон эмес дейт Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин орун басары Кишимжан Кыдырова. Жаңы бийликтин жаңы деми менен Баткен облусуна өзгөчө статус берилиши менен Президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлү менен Баткен районунда бир эле социалдык тармактар эмес, өнөр жай айыл чарбасы дагы болуп көрбөгөндөй ыкчам кадамдар менен өнүгө баштагандыгын акимдин орун басары айтып өттү.

Өтүп бараткан жыл Баткен району үчүн өзгөчө тарыхый окуялардын жана өнүгүүнүн жылы болуп калды. Жалпыга маалым болгондой Баткен району кылымга тете карт тарыхты башынан өткөрүп келет. Баткен району 1934-жылы ББАКтын №125 токтомунун негизинде түзүлгөн. Андан бери карай канчалаган мезгилдүү окуялардын, өзгөрүштөрдүн, өнүп-өсүүлөрдүн күбөсү болду.

31-августта Баткен районунун 90 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди. Айтканга оңой болгон менен 90 жылдыкты уюштуруу жеңил эмес эле. 90 жылдыкка карата 90 иш чара деген ураандын алкагында 90 000 көчөт отургузулду. Ар бир айыл өкмөтү, мекеме-ишканалар өздөрүнүн аймагында иш чараларды өткөрүшүп, туристтерди тартуу максатында “Өрүк гүлү”, “Айгүл гүлү” фестивальдары өткөрүлсө, “Байлыкка толгон Баткеним” аттуу жарманке, театралдык көрсөтүүлөр менен коштолду.

Улуттук биринчи канал тарткан “Ыр түнөгөн жүрөккө, чыр түнөбөйт” аттуу элдик таланттардын калкка руханий азык тартуулаган көрсөтүүсүнөн кийин Баткен району “Ыр кесе” теле сынагын мыкты уюштургандыгы үчүн жеңүүчү деп табылган.

Ушул жана башка маданият, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы жүзөгө ашырылган иш чаралардын бири Министрлер Кабинетинин тапшырмасы менен жакыр үй-бүлөлөргө камкордук көрүү, жакырчылыктан чыгаруу максатында 1303 социалдык келишим түзүлүп, натыйжада бул үй-бүлөлөрдүн бак дөөлөттүү жашап калуусуна чоң көмөк көрсөтүлгөн. Албетте ушул жана башка Баткен районунун аймагындагы социалдык тармактын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан мамлекеттик кызматкер Кыдырова Кишимжан Абдыкадыровнанын ишине ийгиликтерди каалайбыз.

Адылбек Акматов, “Баткен таңы”

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *