Баткен согушунун себептери жана макамы

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен облусуна 25 жыл

 

Баткен согушунун себептери жана макамы

(1999-2000-жж.)

 

Тарыхта ар бир окуянын, куралдуу кагылышуунун, себеби, жүрүшү, жыйынтыгы жана ага берилген конкреттүү макамы болот. Демек коомдук ар бир кубулуш философиянын себеп жана натыйжа мыйзамы менен шартталган. Ар кандай жараяндын себебин аныктамайын ага тиешелүү маселени түшүнүш мүмкүн эмес. Себепсиз эч нерсе жок. Бирок себеп-натыйжа байланышын так-таамай аныктап, туура баалап-түшүнүш – оңой-олтоң иш эмес. Анткени ар бир процессти фактылык далилдөө үчүн субъективдүү, объективдүү же болбосо саясий, социалдык тоскоолдуктар болушу мүмкүн. Мына ошондуктан 1999-2000-жж. Баткен согушунун себеби боюнча төмөнкүдөй бир канча пикирлер айтылууда.

 

Биринчи пикир. Баткен куралдуу кагылышуусу бул алдын ала бийликти алуу максатында уюштурулган акция. Диний экстремисттер ачык эле Өзбекстандын ислам кыймылын легалдуу оппозиция экенин Ташкент расмий моюнга алышы үчүн “тажик сценарийин” Өзбекстанда кайталоо мезгили жетти, деп жарыялашкан. Тажик оппозициясынын биримдигинин (ОТО-объединение таджикских оппозиций) лидери Абдулло Нури аталган маселени тынчтык жолу менен чечүүгө ортомчу болууга даяр экенин билдирген. Бул багытта өзбек демократиялык оппозициянын мүчөлөрү тарабынан өлкөнүн келечеги үчүн жана кан төгүүлөрдү токтотууда өзбек өкмөтү, Ислам кыймылы жана демократиялык оппозиция мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү баштоосу керек деп белгилешкен.

Экинчи пикир. Террористердин куралдуу кол салуусу, көпчүлүк ойлогондой Өзбекстан өлкөсүндө согуш ачуу эмес, террордук дестабилизация, диверсия жана бандиттик аракеттер менен “Бийликти тартып алуу стратегиясы”.  ИДУнун өкүлдөрү ишендиргиси келген чакырыктарга карабай бул аракет бир эле мамлекет менен чектелмек эмес экенин байкоого болот. Экстремисттер аймактагы өкмөттөргө күч колдонуу айлапмасын орнотуу менен, демократиялык укуктук системага, саясий жана экономикалык либерализацияга кедергисин тийгизмек жана “эффект домино” түрүндө бүткүл Борбордук Азияны “афгандаштыруу” башталмак.

Үчүнчү пикир. Эл аралык экстремисттердин стратегиясына караганда үстүбүздөгү жүз жылдыкта бирдиктүү ислам халифатын түзүү. “Ислам дининин дүйнөлүк бийлиги” сыяктуу радикалдуу идеяларынан башка да “жөнөкөйрөөк” кызыкчылыктары катары Борбордук Азия менен Кавказдын энергоресурстарын дүйнөлүк рынокко алып чыгуу жана афган наркотиктерин КМШ жана Батыш өлкөлөрүнө мыйзамсыз ташуу.

Төртүнчү пикир, эл аралык терроризмге коркунучун жамынган Американын колу аркылуу жасалган Кыргызстан, Таджикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн аймактарынын тынчын алуу менен АКШнын Аскер күчтөрүнө өздүк аскер базаларына жол ачуу болгон.  Кыргызстандын территориясында Ганси атындагы авиабазанын ачылышы кийин өтмөк пункту катары атын өзгөрткөнү да жөн жерден эмес.

Бүгүнкү күнгө чейин 1999-2000-жж. Баткенде болгон согуш мамлекеттик же жеке ММКда “Баткен окуясы” деп аталууда. Биздин алдыбызда Баткендеги эл аралык терроризмдин куралдуу бандалык түзүлүштөрү менен болгон кагылышууну кандай терминология менен атайбыз, макамы кандай – окуябы же согушпу? деген суроо жаралууда.

С. Ожеговдун жана Н. Шведованын редакциясы астында чыккан сөздүктөрдө окуя – бул жеке жана коомдун турмушунда болуп өткөн нерсе, факт же маанилүү көрүнүш.

Тарыхий жана саясий адабияттарда окуя деп, конкреттүү жер менен убакыт аралыгында коомдук-саясий жана маданий жактан өлкөнүн турмушуна кандайдыр деңгээлде ролу бар факт.

Терминологиялардын толук маанисине жетпей туруп эле тарыхый жана саясий фактыларды окуя деп атаган учурлар табылат. Мисалы, кээ бир окумуштуулар жана саясатчылар 1999-жылы Баткенде орун алган куралдуу аскердик кагылышууну окуя деп атап келишүүдө. Бул ИДУнун куралданган күчтөрү Баткен, Чоң-Алай чек араларына кол салуу маселесинде көпчүлүк али да болсо толук маалымат ала элегинде болууда. Демек Баткен, Чоң-Алайда орун алган окуяларга саясий жана тарыхый так баа бериле элек.

Классикалык аныктамада согуш бул саясий түзүмдөр, мамлекет, уруулар, саясий топтордун ортосунда куралдуу, аскер күчтөрү аркылуу өз ара кагылышуу. Согуш – бул саясий максаттарга жетүү үчүн уюшулган куралдуу күч колдонуу. Согушта негизги каражат бул аскерлер.

Учурда дүйнө коомчулугунда “согуш” жана “куралдуу конфликт” термини синоним катары кабылданат. Куралдуу конфликт “эл аралык маанидеги куралдуу конфликт” жана “эл аралык эмес куралдуу конфликт” деп эки түрдө каралат. 1999-жылы Баткенде кадимки эле “эл аралык маанидеги куралдуу конфликт” болгондугун террористердин курамы Борбордук Азия өлкөлөрүнөн гана эмес, бир канча башка өлкөлөрдүн жарандарынан куралгандыгы тастыктады. Эң негизгиси бул конфликт экстремизмдин жана терроризмдин интернационалдуулугун жана ага каршы эл аралык күрөш жүргүзүү керекдигин көргөздү.

1999-жылы Баткенде болгон согушта биз тараптан 4516 аскерлердин, террористтер тарабынан 300 дөн ашуун боевиктердин катышуусу, колдонулган согуштук жана башка техникалардын саны накта эле жергиликтүү деңгээлдеги согуш болгонун айгинелейт.

Баткендеги болгон 1999-жылдагы согушка катышкандарды “Баткен согушунун катышуучулары” же “Өзбекстандын ислам кыймылынын террористтери менен болгон эл аралык куралдуу кагылышуунун катышуучулары” деп атоого болот. Демек бул макам куралдуу кагылышуулардын катышуучусу болгон ардагерлер менен бир деңгээлде мамлекет тарабынан берилүүчү ар кандай социалдык пакеттер жана мамлекеттик социалдык жана материалдык колдоолордон пайдаланууга мүмкүнчүлүк ала алат.

Макаланын соңунда баарыңыздарды Баткен окуясы эмес Баткен согушу же Өзбекстандын ислам кыймылынын террористтери менен болгон эл аралык куралдуу кагылышуу деп атоого чакырам.

Шайырбек Шеров, БатМУнун социалдык-экономикалык кафедрасынын доценти


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *