Туура эмес тамактануу кичинекей бойлуулук, арык же боюу өтө эле узун сыяктуу өмүр бою кала турган терс өнөкөттөрдү калыптандырат. Мындан улам бала кичинекей кезинен туура тамактануусун көзөмөлдөп ага көндүрүү сунушталат. Балдардын тамактануусу боюнча адистен кеңеш.
1. Баланы алгачкы жылдардагы тамактануусу кандай болуш керек?
Эне сүтүндө баланын толук кандуу чоңоюшуна керектүү баардык компененттер камтылган.Ошондуктан биз бала төрөлгөндөн баштап накта эмчек сүтү менен багууну сунуштайбыз. Эмчек эмген бала жакшы калыптанат, жетиштүү азык алат, салмагы, боюу баардыгы туура болот. Ошондой эле эне менен баланын ортосундагы биологиялык катнаш жакшы туура түзүлөт.
2. Балага кайсы убакта кошумча тамак берип баштаган туура?
Бала 6 айга толгондо кошумча керектүү азыктар пайда боло баштайт. Бала төрөлгөндөн тарта 6 айга чейин энесинин сүтүнөн башка эч кандай кошумча тамак, суу дагы берилбейт. Качан бала 6айга толгондо балада минералдардын жетишсиздигин болбосу үчүн мындан ары жетилүүсү үчүн кошумча тамак берүү сунушталат. Ал эми кандай азык заттарды берүү керектигин апалар үй-бүлөлүк балдар дарыгеринин сунуш кеңештеринен пайдалануусу зарыл.
3. Баланын табити эмне себептен тартпай калат?
Балада бир нерсенин жетишсиздиги болгон учурда алардын табити тартпай баштайт. Бала 6 ай болгондо анын анализдерин тапшырып гемоглобин канча болгонун текшерүү зарыл. Эгерде баланын гемоглобини түшүп кетсе бул дагы табиттин начарлашынынын бир белгиси. Ошондой эле бала алсырап, чарчап, тердеп, башка азыктарды жегиси келип табити өзгөрөт. Ушул учурда биз витамин Д сунуштайбыз. Аны кеч күздөн, эрте жазга чейин берсе болот.
4. Баланын тамакка болгон табитин кантип туура калыптандырууга болот?
Негизи бала чоңойгон сайын тамакка болгон табити жакшырат. Адатта алар чоңдор эмне жесе алар менен чоогу тамактанып баштагандыктан стол үстүндөгү азыктарды байкашыбыз керек. Куурулган тамак аш, өтө туздуу, ачуу нерселерди азайтуу колдонбоо керек. Жаш балдардын тамакка болгон тандоосу, табити эң алгач үй-бүлөдө калыптанат. Ошондуктан жаш кезинен ага көнүл буруп туура тамактанууга көндүргөн жакшы.
Баланын өз алдынча тамактануусуна шарт түзүү керек. Көпчүлүк ата-энелер төгүп-чачып салат деп алып коюшат. Өздөрү жедирип, кыйнап айрым учурларда урушушат. Эгер биз балага тамактарын үстүн кооздоп же балдар кичине чоңоюп калганда тамак жасогого катыштырып кызыктырып койсо бала табити менен жакшы жейт.
5. Балага кандай тамак – аштар сунушталат?
Балага бууга бышырылган. Таза, жаңы даярдалган азыктарды берсе баланын толук кандуу чоңоюусуна абдан жакшы. Күнүмдүк тамак аш рационунда жер жемиштерди көбүрөөк колдонуу керек. Ошондой эле эт, сүт азыктарын пайдалануу сунушталат. Эгерде бала ушундай азык заттарды жеп таза абада жүрсө, физикалык кыймыл жетиштүү болсо, туура уктаса кошумча витаминге деле муктаждык болбойт. Айрым ата-энелер өз алдынча балага ар кандай витаминдерди сатып беришет. Балага чаржайыт витаминдерди бере берүүгө болбойт. Ошондой эле бала жатаарда көп тамак бербеш керек. Сүйүүгө, мээримге бөлөнгөн бала көп оорубайт толук кандуу жакшы жетилет.