Бообек Ажикеев барокамера суучулдардын Ысык-Көлдө, ири дарыяларда издөө, куткаруу, суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүүсүнө жардам берерин кошумчалаган.
Барокамера — 10 метрден 50 метрге чейин чумкуп чыккандан кийин суу астындагы абанын басымынан суучулдардын дем алуусун калыбына келтирүү үчүн колдонулат.