КООПСУЗ ӨЛКӨ – ТУРУКТУУ КЕЛЕЧЕК

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн Лейлек РИИБмү тарабынан Лейлек райондук деңээлде Раззаков шаарындагы маданият үйүндө “Коопсуз өлкө-туруктуу келечек” аталышындагы Форум-2024 өткөрүлдү. Бул тууралуу Лейлек районунун мамлкеттик  админстрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бул  форумга Лейлек райондук мамлекеттик админстрация башчысы аким Осмонбеков Канимет Бийзакович, акимдин орун басары Каримбердиева Максатай Мамытбековна, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеемуратов Улукбек Имматович, райондун прокурору Алимов Кубанычбек Мурсабекович, райондун имам-хатиби Абдигаппар у. Кубатбек жана РИИБдин башчысы Козубаев Кожобек жана район аймагындагы шаар мэри жана айыл өкмөттөрү, райондун мектептеринин директорлору, тарбия завучтары, ата-энелер комитеттери жана башка райондун активдери катышты.
Форумда негизинен төмөнкү төрт маселеге басым жасалды:
1. Кыргыз Республикасынын 05-май 2021-жылгы №60 “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери” жөнүндөгү мыйзамдын негизинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 469 токтому менен бекитилген “2022-2028-жылдарга укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын ишке ашыруу максатында, ИИМдин 2023-жылдын 15-декабрындагы “Улулуттук планы жөнүндө” № 1123 тескемесин аткаруу максатында, жер-жерлерде бардык тиешелүү мамлекеттик органдар менен форумдарды уюштуруу, алдын алуу иштерин жүргүзүү.
2. Милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердиги бекитилген графиктин негизинде ишмердиги ар ким өзү тейлеген аймактага чыгууларды уюштуруп жеринде элге жагымдуу сервистик тейлөө чараларын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, кызматтары менен жүргүзүүнү күчөтүү.
3. Май айында мамлекеттик денгээлде бир топ маанилүү иш-чаралар өтөт, анын ичинде 25-май “Акыркы конгуроо” “1-июнь балдарды коргоо күнү” жана июль айында өтө турган мусулмандардын майрамы “Курман-Айт” күнүнө карата алдын ала иш-чаралар бекитилип, бул багытта жер-жерлердеги ИИОнун бардык бөлүктөрү жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып барууну күчөтүү.
4. “Жайкы туристтик мезгил– 2024” өткөрүүгө карата автоунаа каражатын ижарага берген, автоунаа каражаты менен туристтерди тейлөө, ташуу кызматын көргөзгөн туристик фирмалар менен жол-унаа кырсыктарын алдын алууга багытталган жолугушуу иш-чараларын уюштуруу жана бул багытта келген ички жана сырткы туристердин коопсуздугун камсыздоону жергиликтүү бийлик менен биргеликте уюштуруу.
Ошондой эле форумга милициянын үч көчмө кабылдамасы жана министрибиз тарабынан берилген жаңы нива унаалары тартылып, 25-майга карата видео роликтер КРнын ИИМдин жетишкен ийгиликтери жана докладтар слайдтар менен элге кеңири мааниде көрсөтүлдү.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *