"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине мобилдик барокамера тапшырылды.

Соц.тармактарда бөлүшүү

Маалым болгондой, аны кабыл алуу иш-чарасына министр Бообек Ажикеев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, ТИКАнын төрагасы Серкан Каялардын жана куткаруучулар катышкан.
 ӨКМде барокамераны тапшыруу аземи болуп, министр түрк тарапка ыраазычылык билдирген. Буга чейин өлкөдө мындай жабдуу болгон эмес.

Бообек Ажикеев барокамера суучулдардын Ысык-Көлдө, ири дарыяларда издөө, куткаруу, суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүүсүнө жардам берерин кошумчалаган.

Барокамера — 10 метрден 50 метрге чейин чумкуп чыккандан кийин суу астындагы абанын басымынан суучулдардын дем алуусун калыбына келтирүү үчүн колдонулат.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version