“ОБЛУСТУН БАРДЫК АЙМАКТАРЫНДА ИРРИГАЦИЯЛЫК КӨЙГӨЙЛӨР ЧЕЧИЛЕТ”

Соц.тармактарда бөлүшүү

Айбек Шаменов, КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү:
“ОБЛУСТУН БАРДЫК АЙМАКТАРЫНДА ИРРИГАЦИЯЛЫК КӨЙГӨЙЛӨР ЧЕЧИЛЕТ”
Баткен облусун аралап өткөн 6 дарыя болгон менен, али өздөштүрүлө элек дың жерлер көп. Аларды четинен өздөштүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулуудаа. Кадамжай районунда “Алгакадам” ири долбоору ишке ашууда. Буюрса, 72 пайызы бүтүп калган ири ирригациялык бул курулушубуз пайдаланууга берилсе, 4200 гектар жер өздөштүрүлөт. Алардын 25,0 гектарына өнөр жай зонасы ачылат. Ал үчүн Республикалык бюджеттен 650,0 млн. сом бөлүнүп берилип, иш кызуу жүрүүдө. Мындан тышкары жумуштар Баткен районундагы Кара-Кол каналында да уланууда. Ошого удаа эле, Лейлек районунун Арка өрөөнүнө өз нугу менен суу чыгарылат. Ал үчүн Максат айылына дюкер үчүн жалпы сметалык баасы- 1900,0 млн.сом бөлүндү. Долбоордун алкагында узундугу 41,8 чакырымды түзгөн канал курулат жана бул аймакта да 1800 га жер өздөштүрүлөт.
Ирригациялык көйгөйлөрдү чечүү багытында, облустун бардык аймактарында курулуш иштери жүрүүдө. Тагыраагы, Кадамжай районунда “Тамаша” жана “Жетиген”БСРи, Лейлек районунда “Маргун”жана “Баул” БСРлери курулууда. Ал эми, Баткен районунда “Ганжак” БСРнен 500 гектар аянтка суу берүүнү жакшыртуу үчүн насостук бекет куруу иштери жолго коюлду.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *