Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун жетекчилиги алдында финансылык алдамчылыктын алдын алуу, кибер коопсуздукту камсыздоо жана коррупцияга каршы мыйзамдардын аткарылышы боюнча жыйын өттү.
Иш-чарага Баткен шаарындагы бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты. Жыйын учурунда Ички иштер министрлигинин Эргеш Алиев атындагы Академиясынын өкүлдөрү тарабынан каржылык сабаттуулукту жогорулатуу, финансылык алдамчылыктан жана кибер кылмыштуулуктан коргонуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Жыйындын жыйынтыгында төмөнкүдөй тапшырмалар коюлду:
Финансылык алдамчылыкка каршы кызматкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу;
Бул көйгөйдү массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдыруу;
Билим берүү мекемелеринде жалган аккаунттарды сатууга каршы профилактикалык иш-чараларды өткөрүү.
Мобилдик байланыш кызматтарын коопсуз пайдалануу максатында төмөнкү сунуштар берилди:
SIM-карталарды биометрикалык маалыматтар аркылуу каттоо;
Промоутерлер аркылуу каттоону токтотуу;
Чет өлкөлүк жарандар үчүн онлайн каттоого тыюу салуу;
Бир жыл ичинде бир жаранга бештен ашык SIM-карта каттабоо;
Ар бир SIM-карта жекече катталышы шарт.
Ошондой эле жыйында прокуратура кызматкерлери тарабынан коррупцияга каршы мыйзамдарга киргизилген акыркы өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берилди.



