Баткен облусунда быйыл 48,5 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 9,5 чакырым жаңы жол салынды
Баткен облусунда республикалык бюджеттин эсебинен, 2024-жылдын 11 айында автомобилдик жолдорду курууда 559,4 млн сомдук жумуш аткарылды. Анын ичинен 48,5 чакырым жолго асфальтобетон катмары төшөлдү, 9,5 чакырым жаңы шагыл жол курулду. Жаңы жол салуу иштери уланууда. Жол чарба тармагы тарабынан;
Баткен-Кара-Токой жолуна 7 км бекитилип, 7,1кмге асфальт төшөлдү.
Кызыл-Бел-Достук жолуна 5км бекитилип 5,2кмге асфальт төшөлдү.
Бужум-Баткен-Исфара жолуна 2,5 км асфальт төшөлдү.
Сох-Газ жолуна 0,7 км каралып 0,8км асфальт төшөлдү.
Баткен райоунун Бужум айылындагы Таза-Суу көчөсүнө 0,5км асфальт төшөлдү.
Арка2-Маргун-Даркум жолуна 1км асфальт төшөө каралып 1км аткарылды.
Самат-Замбуроч-Жаркыштак жолуна 5км каралып 5км асфальт төшөлдү.
Раззаков айланма жолуна 1,5 км асфальт төшөлдү.
Катран-Өзгөрүш жолуна 3км каралып, 3 км асфальт төшөлдү.
Кадамжай Жал-Моло-Тескей жолуна 1,5 км асфальт төшөө каралып 1,5 км төшөлдү.
Кара-Жантак айылына баруучу жолго 2,3км асфальт төшөлдү.
Кан-Бурбалык жолуна 5км асфальт төшөө каралып 5 км төшөлдү.
Кызыл-Булак-Тамаша жолуна 3 км асфальт төшөө каралып 3,5 км асфальт төшөлдү.
Үч-Коргон-Чаувай жолуна 1,1км каралып 1,1 км асфальт төшөлдү.
Ак-Кыя-Жийделик 11,4км жолунун 5,6 км каржыланып, асфальт төшөлдү.
Айдаркен шаарына Гауян көчөсүнө 3 км асфальт төшөө каралып 3 км асфальт төшөлдү.
Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолунун 3-8 чакырымдар аралыгында жолду сайдан чыгаруу жумуштары аткарылууда, учурда 2км жол жаңыдан салынып курулушу иштери жүрүүдө.
Сох-Кан-Зардалы жолунун 12-чакырымынын Кыштут участкасында узундугу 9 метр болгон көпүрө курулуп бүткөрүлдү.
Сох-Кан-Зардалы жолунун Сары-Талаа-Кызыл-Таш участкасында 11 чакырым аралыкта бир тараптуу унаа жүрүүчү жол жардыруу ыкмасы менен кенейтилүүдө. Ошондой эле Кызыл-Таш-Зардалы участкасында жардыруу ыкмасы менен жаңыдан жол салуу иштери жүрүүдө.









