“25-ноябрдан 10-декабрга чейин жарыяланган “Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы 16-күндүк кампаниянын” алкагында, бүгүн Баткенде, өспүрүм кыздардын жана социалдык педагогдорун,“Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган жарандардын маселелери боюнча түзүлгөн жергиликтүү комитеттеринин мүчөлөрү” болгон билим берүү, саламаттык сактоо, ички иштер органдары, социалдык өнүктүрүү кызматкерлери, аялдар, жаштар кеңештери, жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу кызматкерлери үчүн маалыматтык окутуу уюштурулду.


Иш чарада кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу маселеси талкууланды.
Облуста зордук зомбулуктун алдын алуу жана кыскартуу максатында, аялдардын экономикалык жана социалдык абалын жакшыртуу багытында бир топ иштер аткарылууда. Алар;
-Баткен районунун Ак-Татыр айылына Коомдук алдын алуу борбору курулуп, пайдаланууга берилди.
-Зордук зомбулукка кабылган аялдарга колдоо көрсөтүү максатында облуста
Кадамжай, Лейлек райондорунда, Баткен, Разаков, Кызыл-Кыя шаарларында 5 психологиялык жардам көрсөтүү кааналары түзүлүп, материалдык-техникалык базасы чыңдалды.
-Сүлүктү шаарында “Жаңы муун” реабилитациялык борбору зордук зомбулукка кабылган аялдарга жана кыздарга психологиялык жардам көрсөтүп, иш алып барууда.
-Кыргыз-Орус мамлекеттеринин биргелешкен келишиминин негизинде Аялдардын жана кыздардын ден-соолугуна кам көрүү максатында медициналык мобилдүү көчмө клиникасы 102 айылга барды.
-“Социалдык контракт” долбоору ишке ашып, акыркы үч жыл ичинде 4196 үй-бүлөгө социалдык контракт түзүлүп, 100 миң сомдон бир жолку кайтарымсыз каражаттар берилди.
-Баткен районунун Ак-Сай айылында республикалык бюджеттен жана долбоорлордун эсебинен килем токуу цехи ачылды. 28 кыз-келин жумуш орду менен камсыз болду.
-“БУУ–аялдар түзүмүнүн”,”Кыргызстандагы Тынчтык үчүн жарандык коомдун активдүү аялдар уюмдары”- ФАО жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду менен биргеликте, 9 пилоттук айыл аймактарда лидер айымдарга 11млн 33 миң 908 сомдук гранттар берилди.
-Аялдарды коомдук саясий турмушка аралаштыруу жана аялдардын лидерлигин колдоо багытында, 2024-жылдын 17-ноябры Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгында Баткен облусунун аймагында жалпы депутаттардын ичинен 33% аялдар түздү.








