Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда, Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак-жай комплексинин ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысы салтанаттуу ачылышта өлкөдө узак мезгилден бери үйгө муктаж жарандарды турак-жай менен камсыз кылуу маселеси мамлекеттин алдындагы негизги милдеттерден болуп келгенин айтты. Ал азыркы тапта республика боюнча турак-жай алуу кезегине 40 миңден ашуун жаран катталганын белгиледи.
“Элестетип көрүңүздөр, 40 миң киши – дээрлик бир райондун же бир шаардын калкы! Бирок биз бул көйгөйдөн качпай, “Көз коркок, кол баатыр” деген макалдагыдай, жарандардын үй маселесин четинен чечүүгө киришкенбиз”, – деп Садыр Жапаров сыймыктануу менен айтты.
Ал муктаждарга турак-жай куруп берүү максатында мамлекеттик деңгээлде ири курулуш долбоорлору башталганына басым жасады.
Садыр Жапаров мурда мамлекеттик ипотекалык насыялар коммерциялык банктар аркылуу берилип, мындай жагдайда өлкөдө турак-жай фондунун тартыштыгы алардын бааларынын кескин өсүшүнө алып келгенин, бул дагы калың элге жеткиликтүү болбой, маселе чечилбеген бойдон туруп калганын айта кетти. Ал мамлекет турак-жай фондун кеңейтип, көп кабаттуу үйлөрдү салууга киришкенин белгилеп, ошол аракеттин алгачкы үзүрү көрүлө баштаганына токтолду.
Президент бул масштабдуу долбоорлор мамлекеттин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, курулуш үчүн олуттуу бюджеттик каражаттар бөлүнүп жатканын кошумчалады. Мындан тышкары, эл аралык жана жергиликтүү инвесторлорду тартуу менен курулуш иштерин тездетүү жана сапатын жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүүдө.