Мыйзам бузуучулукка систематикалык түрдө текшерүүлөр улантылат

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы аскер кызматчыларынын социалдык жана башка укуктары корголуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы боюнча приоритеттүү багыттардын бири болгодугуна байланыштуу тийиштүү иш алып барууда.

Бул багытта Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы Кыргыз Республикасынын «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» аткарылышы боюнча, 2023-жыл ичинде жана 2024-жылдын 2-кварталында Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы аталган багытында көзөмөл жүргүзүү боюнча жалпысынан 10 текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө  18 мыйзам бузуу аныкталып, жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча мыйзамды бузууга жол бербөө жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө 7 сунуштама келтирилип, алардын баары прокурордун катышуусу менен каралган. Жол берилген мыйзам бузууларды токтоосуз четтетүү тууралуу 11 талап келтирилген. Келтирилген прокурордук актылардын негизинде тартип жазасына 13 кызмат адамдары кириптер болгон.

Ошентип, жалпы жооптуу кызматкерлери жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын талаптарын толук аткарылбай келип жалпы 269 аскер кызматчыларынын социалдык укуктарын өз убагында жана толук камсыз кылуу боюнча толук иш чаралар аткарылып укуктары Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан корголгон.

Мындан ары, Баткен облусунун аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрүндө жана мекемелеринде Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан мыйзамдардын сактылышы жана ар бир жасалган мыйзам бузуучулукка жоопкерчиликтүү каралып систематикалык түрдө текшерүүлөр улантылат.

 

Баткен гарнизонунун

аскер прокурорунун орун басары

юстициянын майору                                                                         М.Есеналиев

 

 

 

 

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *