Баткенде республикалык деңгээлде спорттук иш-чара өткөрүлүүдө

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен шаарында бүгүн 2024-жылдын 22-август күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2024-жылга карата спорттук-массалык иш-чаралар боюнча графигине жана ИИМ министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековтун буйругуна ылайык, 1999-жылдан бери Баткен окуясында курман болгон милиция кызматкерлеринин жаркын элесине арналган волейбол боюнча чемпионаты башталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Бул иш-чарага Кыргыз дене-тарбия “Динамо” коомдук бирикмесинин төрагасынын биринчи орун басары милициянын отставкадагы полковниги Төрөкул Мадалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадияров, 2021-2022-жылдардагы Баткен окуяларында курман болгон милиция кызматкерлеринин жакындары чакырылды.
Маалыматка ылайык спорттук мелдеш республикалык деңгээлде уюштурулуп Талас, Бишкек, Чүй, Жалалабад, Баткен, Ош шаарындагы, Ош облусундагы Ички иштер башкармалыктары, Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы, КР ИИМдин атайын багыттагы полкунун, Күзөт кызматынын өздүк курамынан түзүлгөн ИИОнун кызматкерлеринин командалары болуп жалпысынан 9 команда катышып жатат.
Ачылуу аземинде алгачкы сөздү Баткен ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Улан Жукенов Баткен окуяларына токтолуп, куралдуу кагылышууда милиция кызматкерлери чек арада чеп болуп, чек арадагы жарандардын коопсуздугун сактоодо өз милдеттерин так аткарып, эрдик көрсөтө алды деп белгилеп, элим-жерим деп кан төккөн кызматкерлерге ыраазычылыктарын билдирди. Ал эми аймактардан келген спорт оюнчуларына “Спорт – ден-соолуктун булагы, ийгилик – ынтымактын башаты. Биз канчалык ынтымактуу болсок ийгиликтерди багындыра алабыз” деп чогулган командаларга ийгиликтерди каалап өттү.
Бүгүн алгачкы беттешүүлөр башталып, 2 күнгө созулган мелдеш 24-август күнү жыйынтыкталат.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *