“АЙТЫЛГАН АР БИР СЫН-ПИКИР, СУНУШТАР ЖООПСУЗ КАЛБАЙТ”
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн, Баткен облусунун Лейлек, Баткен райондорунун жана Сүлүктү шаарынын эли менен жолугушууларды өткөрдү.
Президенттин тапшырмасы менен өткөн бул жолугушууну өкүл Абдикарим Алимбаев алып барды.
Эске сала кетсек, Баткен облусунун эли менен болгон бул жолугушууга министрлер жана министрликтердин орун басарлары катышып, айтылган суроо, талаптарга жооптор беришти.
Эркин ойлор, сунуштар менен кошо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн дарегине айтылган сындар, пикирлер эркин микрофондо айтылды.
Сөз сүйлөгөндөрдүн көпчүлүк бөлүгү азыркы бийликке ыраазычылык билдиришти.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов: “Айтылган ар бир пикир, сунуш, кайрылуу каттары жоопсуз калбайт” – деди.