Кыз-келиндер арасында зордук-зомбулукка каршы иш чара болду

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен районунун Ак-Сай айылында зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында кыз-келиндер арасында иш чара болуп өттү.

Ак-Сай айылында жергиликтүү кеңештин депутаттары окутуудан өткөрүлүп, бир канча долбоорлорду жазышып, колдоого алынгандарын ишке ашырып жатышат. Долбоорлор Гендердик аялдарды коргоо борбору Ассоциациясы тарабынан каржыланып өткөрүлүүдө. Долбоордун максаты – зордук-зомбулуктун алдын алуу.

Кабыл алынган ишке ашуучу долбоорлор: кыз-келиндер арасында футбол, волейбол оюндарын ойноо жана мелдеш өткөрүү, аялдарга өзгөчө кырдаал учурунда алгачкы психологиялык жардам көрсөтүү боюнча маалымат берүү, үйдө отурган аялдардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө салым кошуу максатында бир жумада бир жолу мектептин китепканасына келип, китеп окуп кетүүсүн уюштуруу.

Белгилей кетсек, зордук-зомбулукка каршы долбоорлорду Кыргызстан боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттары жазышып, анын ичинен 12си кабыл алынган. Ошонун үчөөсү Ак-Сай айылынын депутаттары тарабынан жазылып, жактырылып бүгүнкү күндө ишке ашырылууда.

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *