Баткен РИИБдин өздүк курамы кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскеришти. Алардын эстеликтерине гүлчамбарлар коюлуп, маркумдарга аталып куран окутулду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой Баткен РИИБдин башчысы милициянын полковниги Алмаз Шагамурзаев алардын ар биринин басып өткөн жолун, кыргыз милициясына кошкон салымын, кылмышкерлер менен аесуз күрөшүүдө башкаларга үлгү боло турган жактарын эскерип өттү. Ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнө акчалай жардамдар берилди.
Андан соң 25-май акыркы коңгуроо майрамына карата өздүк курамга саптык кароо өткөрүлдү. Саптык кароодо милиция кызматкерлеринин кийген кызматтык кийимдери, алып жүргөн күбөлүктөрү текшерилип көзөмөлдөн өткөрүлүп, бир катар тапшырмалар коюлду.
Коомдук коопсуздукту сактоо максатында ар бир мектепке милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү бөлүнүп, буйруктар жеткирилип кошумча тапшырмалар коюлду. Баткен районунун аймагында 54 билим берүү мектептер жана 1 Кесиптик лицей бар.