Ак-Сай айылында «Сармерден» оюну өттү

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен районуна 90 жыл

Ак-Сай айылында «Сармерден» оюну өттү

Баткен районунун чек арага чектеш Ак-Сай айылындагы Б.Ходжаев атындагы орто мектебинде Президенттин «Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы», №157 «Улуттук нарк жөнүндөгү» жарлыктарын аткарууга алуу максатнды, Баткен районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракесин утурлай «Сармерден» оюну өткөрүлдү.  

Иш чарага Б.Ходжаев атындагы орто мектебинин жана Ак-Сай, Капчыгай айылдарындагы балдар бакчаларынын эмгек жамааттары катышты.

Аталган оюнда Б.Ходжаев атындагы орто мектебинен жана «Эдельвейс», «Гүлсүнай» балдар бакчалыранан куралган 2 команда иш чаранын программасы боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Оюнда улуттук каада-салттар көрсөтүлүп, тамак-аштар, кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү коюлду. Ошондой эле эки командалар ортосунда ыр-бийлер тартууланып, иш чара көркүнө чыкты.

Жыйынтыгында оюнда таймашкан 2 команда калыстар тобу тарабынан тең упайга ээ болушуп, бирдей бааланып, уюштуруучулар тарабынан сыйлыктар тапшырылды.

Иш чаранын соңунда Ак-Сай айылынын башчысы Эркинбай Жолчуев өткөн эки жыл катары менен болгон чек арадагы каргашалуу окуялардын кайталанбоосун тилеп, Ак-Сай айылында ынтымак, биримдик болуусу үчүн түрдүү маданий, спорттук иш чаралардын өткөрүлүп тургандыгын белгилеп, «жергебизде тынчтык болуп, элибиз аман болсун, өлкөбүз өсүп-өнүгө берсин», – деген каалоо-тилектерин билдирип, катышкан командаларга ыраазычылык билдирди.

 

 

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *