Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу боюнча мыйзамга Садыр Жапаров кол койду.
абанын сапатын көзөмөлдөөчү автоматташтырылган станцияларды куруу жана модернизациялоо аркылуу абанын сапатын башкаруу системасын бекемдөө;
абанын сапатын текшерүү үчүн химия лабораториясын жаңыртуу;
абанын сапатын контролдоо жол-жоболорун күчөтүү чөйрөсүндө техникалык көмөк көрсөтүү;
абанын сапатын болжолдоо жана эскертүү ыкмалары;
жеке үйлөрдү жылытуу үчүн таза технологияларды киргизүүгө көмөктөшүү;
Бишкек шаарын жашылдандыруунун туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ирригациялык системаларды куруу.