Багбанчылыктын мекени болгон Кадамжайда гилас сезону башталды. Бул тууралуу биздин редакцияга окурман билдирди. Анын айтымында гиластар жеринде дүң баада 300-350 сомдон сатылууда.
Оруссияга ташуучу кардарлар алдын ала буюртма бере баштагандыктарын эске алсак, багбандардын эсеби быйыл туура чыкчудай.
Кадамжай районунда 7 миң гектардан ашык жердин 450 гектарында гилас, 350 гектарында өрүк өсөт.